Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 30-октябрына дайындалды

16 октября 2013

Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда төмөнкү беш айылдык округда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоону 2013-жылдын 30-октябрына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды: Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Улахол, Нарын облусундагы Жумгал районунун Түгөл-Сай, Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө жана Чүй облусундагы Биринчи май жана Чүй.  Аталган алгачкы эки аймакта шайлоо кайталап өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы