Башкы Жаңылыктар 2022-жылы 12-мартта Түркмөнстандын Президентин шайлоо өтүүдө

2022-жылы 12-мартта Түркмөнстандын Президентин шайлоо өтүүдө

12-Мар, 2022

Түркмөнстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча КР БШК төрагасынын орун басары Койчукеев Н.Ч. жана КР БШК мүчөсү Дубанбаева А.С. КМШ Миссиясынын курамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин өкүлү ШКУ Миссиясынын курамында 2022-жылы 12-мартта өтүп жаткан Түркмөнстандын Президентин шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда.

Иш сапардын жүрүшүндө Түркмөнстандын Боршайкомунун төрагасы Азербайжандын, Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Түркмөнстандын Боршайкомунун маалыматы боюнча бардык 2577 шайлоо участогунда жарандардын эрк-ниетин билдирүү үчүн шарттар түзүлгөн. Жарандардын коопсуздугу үчүн мында санитардык-профилактикалык чаралар көрүлгөн, 300дөн ашык участок инновациялык дезинфекциялоочу түзүлмөлөр менен жабдылган.

Борбордун, велаяттардын жана этраптардын тургундары жашаган жери боюнча добуш беришет, шайлоого алдын ала чакыруу, жеке номер, ошондой эле шайлоочу үчүн добуш берүү боюнча нускама алышкан.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө 41 шайлоо участогу иштейт, ал участоктор өлкөнүн элчиликтеринде жана консулдугунда ачылган.

Түркмөнстандын Шайлоо кодексинин 69-беренесине ылайык добуш берүү 2022-жылы 12-мартта жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен саат 7:00дө башталат жана саат 19:00дө аяктайт. Эскертүү: Түркмөнстандын Президентин шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 2022-жылы 2-мартта башталды жана 12-мартта жергиликтүү убакыт боюнча 18:00дө аяктады.

Шайлоо участокторунда добуш берүү санариптик таризде өтүп, Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын «saylav.gov.tm» сайтында онлайн режиминде көрсөтүлүүдө. Президентти шайлоону өткөрүү жөнүндө маалыматтар улуттук теле көрсөтүүдө жана радиодо дагы берилүүдө.

Бардык шайлоо участокторунда белгилүү ырчылардын, бахши-музыканттардын жана чыгармачыл жамааттардын аткаруусунда чыгармаларын уктуруу уюштурулган.

Түркмөнстандын Президентин шайлоого Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Түрк мамлекеттеринин уюмунун парламенттик ассамблеясынын миссияларынын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнөн 118 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзүүдө.

КМШ байкоочулар Миссиясына КМШ Аткаруу комитетинин Төрагасынын – Аткаруучу катчысынын Биринчи орун басары Анфимов Леонид Васильевич башчылык кылууда.

2022-жылдын 7-мартына карата Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү жактардан 2726 улуттук байкоочу каттады:

  1. 544 – Демократиялык партиядан,
  2. 355 – Өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясынан,
  3. 390 – Агрардык партиядан,
  4. 520 – Кесиптик бирликтерден,
  5. 290 – Аялдар бирлигинен,
  6. 525 – Түркмөнстандын Махтумкули атындагы жаштар уюмунан,
  7. 84 – жарандар тобунан,
  8. 18 – талапкерлердин байкоочулары.

БШК белгилегендей, жергиликтүү байкоочулардын 47,76%ын аялдар түзөт.

Маалымат үчүн:

Борбордук шайлоо комиссиясы Түркмөнстандын Президенттигине тогуз талапкер каттады. Төмөнкүлөр жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер болуп саналат:

Сердар Бердымухамедов – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары (Түркмөнстандын Демократиялык партиясынан),

Агаджан Бекмырадов – Марый велаятынын акиминин орун басары (Түркмөнстандын Агрардык партиясынан),

Перхат Бегенджов – Лебап велаятынын Финансы-экономикалык кесиптик орто лицейинин директору (Лебап велаятынын демилгечил жарандар тобунан),

Бердымаммет Гурбанов – Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министрлигинин «Аваза» санаторийинин башкы врачы, Милли Генгеш Меджлисинин депутаты (Балкан велаятынын демилгечил жарандар тобунан),

Максатмырат Овезгелдиев – Ахал велаятынын Бабадайхан этрабынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын начальниги (Ахал велаятынын демилгечил жарандар тобунан),

Какагелди Сарыев – Мамлекеттик энергетика институтунун «Энергиянын жаңыланган булактары» илимий-өндүрүштүк борборунун директору (Марый велаятынын демилгечил жарандар тобунан),

Бабамырат Мередов – «Вепалыгурлушик» чарба коомунун директору (Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер партиясынан),

Хыдыр Нуннаев – Түркмөн Мамлекеттик физкультура жана спорт институтунун илимий иштер брюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты (Ашхабад шаарынын демилгечил жарандар тобунан),

Максат Одешов – Түркмөнстандын Сапармурат Түркмөнбашы атындагы Демократиялык партиясынан комитетинин төрагасы (Дашогуз велаятынын демилгечил жарандар тобунан).

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>