Башкы Жаңылыктар КР БШКнын ЫЧКТсы: шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча …

КР БШКнын ЫЧКТсы: шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча арыздар каралды

11-Мар, 2022

2022-жылы 10-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) төмөнкүлөрдөн түшкөн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча арыздар каралды:

- Аскар уулу Алмаздан, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

- И.Ю. Карамушкинадан, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Арыздарда Бишкек шаарындагы № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча чара көрүү көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына аталган талапкердин арыздары буга чейин – 2022-жылы 5-мартта КР БШКнын жыйналышында каралып, тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн улантылган процессине байланыштуу Свердлов районунун ИИБ маалыматын КР БШК эске алган.

2022-жылы 10-мартта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Аскар уулу Алмаздын, И.Ю. Карамушкинанын арыздары боюнча сотко чейинки текшерүүлөрдүн жана териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берген.

2022-жылы 10-мартта КР БШКнын жыйналышына КР ИИМдин төмөнкү өкүлдөрү катышты:

- КР ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм начальниги подполковник Макилов С.Б.,

- Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ начальнигинин орун басары милиция полковниги Жапаров А.К.,

- Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын начальниги милиция майору Бекбоо уулу Арлен.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынан:

- Свердлов районунун прокурорунун орун басары Абдыманнапов Эмилбек Абдыманнапович.

1. КР БШКнын жыйналышында токтоочу жайдагы төмөнкү автомашиналардан шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү сураган Аскар уулу Алмаздын арызы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ начальнигинин орун басары милиция полковниги А.К. Жапаровдун маалыматы угулду.

- «Ниссан Скайлайн» маркасындагы автомашина, мамлекеттик номери 02KG40ACQ$;

- «Хонда Степваган» маркасындагы автомашина, мамлекеттик номери 06ЛП 611ADG, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовду колдоп, айрым участоктордо.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ маалыматына ылайык көрсөтүлгөн факты боюнча материалдар №02-003-2022-004431 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды:

- И.Т., ал автомашинада табылган акча «Кыргыз Каганат» ЖЧКдан алган 43000 сом суммасындагы эмгек акысы болуп саналарын көрсөттү, бул эмгек акы берүү жөнүндө ведомость аркылуу ырасталды.

-М.М.Б., №1346 УШК катчысы добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты;

-К.А.Д., №1338 УШК төрагасы УШКда добуш берүү күнү кандайдыр бир шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты;

-Ж.Р.А., №1338 УШК катчысы добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты;

-Я.М.М., №1335 УШК төрагасы добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты;

-А.Т.Ж., №1335 УШК катчысы добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдарын бузуу болбогондугун айтты.

2022-жылы 7-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты.

Аскар уулу Алмаздын арызында көрсөтүлгөн экинчи факт боюнча материалдар 2022-жылдын 27-февралында № 02-03-2022-003997 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды:

-Т.Ж. № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовдун өкүлү, ал чындыгында эле бир тууганын күтүп, №1344 УШКнын аймагында жүргөндүгүн айтты. Тинтүү учурунда анын автомашинасынан милиция кызматкерлери Ш. Атазовду колдогон үгүт барактарын табышкан;

- Т.у.Д., № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовдун №1344 УШКдагы улук агитатору добуш берүү күнү №1344 УШКнын аймагында жүргөндүгүн жана шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсүнө байкоо жүргүзгөнүгүн айтты.

-Т.М., «Т.Жнын» бир тууганы, №1344 УШКнын аймагында капыстан болгондугун, тинтүү учурунда чындыгында эле анын автомашинасынан Ш. Атазовду колдогон үгүт барактарын табылгандыгын айтты.

2022-жылы 7-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо мезгилинде Свердлов шайлоо округунда шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн биринчи пункт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ начальнигинин орун басары милиция полковниги А.К. Жапаровдун маалыматы угулду.

- Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.С. Алканованы колдоо иретинде кварталдык комитеттин төрагасы «Джумадыл» деген адам тараптан Совет, Памир көчөлөрүндө жашаган тургундарга көмүр жана ун акысыз таратуу фактысы боюнча.

Материалдар №02-0032022-002942 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган, тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды:

- А.Ж., МТУ-2 №12 кварталдык комитеттин төрагасы, өз кварталынын камсыздыгы аз тургундарына Соцфонддон жөнөтүлгөн унду тизме боюнча чынында эле тараткандыгын айтты. Андан ары ал КР ЖК депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Э.С. Алканованы колдоо иретинде үгүт иш-чараларына катышкан эмес.

- К.К. А.Ж. тургундардан паспорттук маалыматтарды сурабагандыгын, кайсыл бир талапкерди колдоо иретинде үгүт жүргүзбөгөндүгүн белгиледи.

-К.Э. А.Ж. кайсыл бир талапкерди колдоо иретинде үгүт жүргүзбөгөндүгүн айтты.

-А.Т., МТУ №2 начальниги КР Мамматрезервинен жөнөтүлгөн унду көрсөтүлгөн кварталдын камсыздыгы аз тургундарына тараткандыгын ырастады.

2022-жылы 16-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты.

И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн экинчи пункт боюнча:

- Бел, Берлик көчөлөрүндө, «Бакай-Ата» жаңы конушу боюнча кварталдык комитеттердин төрагалары тараптан Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А. Муртазалиевди колдоо иретинде, ошондой эле Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ш. Атазовду колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча.

Бул факт Свердлов районунун ИИБде №02-0032022-002942 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды:

- П.Л.В., МТУ-20 №1 кварталдык комитеттин төрагасы, ал шайлоо мезгилинде үгүт ишине такыр катышпагандыгын, шайлоо өткөрүүгө кийлигишпөө жөнүндө милдеттенмеге кол койгондугун белгиледи.

-И.М.Е., МТУ-20 №3 кварталдык комитеттин төрагасы, талапкерлердин үгүт жүргүзүү ишине катышкандыгын танды.

- А.Г.И., Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер, Берлик көчөсүндө №15А үйдөн 33А үйгө чейин, ошондой эле №58 үйдөн №72 үйгө чейин А. Муртазалиевди колдоо иретинде 500дон 3000 сомго чейин шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жүзөгө ашырылгандыгын айтты (№1353, №1302 УШК). Ошондой эле А.Г.И. «Стекольщик» ТСЖ төрагасы Г.Инин Широкая көчөсүндө павильондо талапкер Ш. Атазовду колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө маалыматын белгиледи.

- М.Е.А. 22.02.2022-ж. белгисиз аял – депутаттыкка талапкер тараптан үгүт жүргүзүлгөндүгүн, кийин алардын суроо-талаптарын аткаруу жөнүндө убада берилгендигин белгиледи.

Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын процессинде 30 адам суралды, алар депутаттыкка талапкер тараптан добуштарын сатып алуу фактысын танышты.

2022-жылы 24-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты.

И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн үчүнчү пункт боюнча:

- 2022-жылы 27-февралда Нурлан Конокбаевдин Фэйсбуктагы барагында №1357 УШК кылдат текшерүү жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жарыяланган.

Бул маалымат Свердлов районунун ИИБде №02-003-2022-004431 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды:

- А.А.К., №1357 УШК төрагасы, УШКда кайра шайлоо мезгилинде кандайдыр бир бузуулар болбогондугун айтты.

- К.Н.Б., жарылоонун автору кайра шайлоо күнү №1357 УШКда көп адамдар топтолуп турган видеону вотсап аркылуу алып, Фэйсбуктагы барагында жарыялагандыгын белгиледи.

- З.у.Б., шайлоочу, ал дагы №1357 УШКда кайра шайлоо күнү кандайдыр бир бузуулар болбогондугун айтты.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты.

И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн төртүнчү пункт боюнча:

2022-жылы 17-февралда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына белгилүү бир талапкерди колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырган.

2022-жылы 25-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыштын белгилери боюнча №03-003-2022-000866 кылмыш ишин козгогон, ал боюнча Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө. Анын натыйжасы тууралуу териштирүүнүн тиешелүү материалдарын жиберүү менен КР БШКнын ЫЧКТсына токтоосуз билдирилет.

И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн бешинчи факт боюнча:

2022-жылы 26-февралда Сабыр Мырзанын Фэйсбуктагы барагында алдын ала билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аскар уулу Алмаздын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишмердик беделине зыян келтирген үгүткө жат ж.б. материалдар жарыяланган.

Бул факт 2022-жылдын 26-февралында №02-003-2022-003901 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган.

Текшерүүдө социалдык түйүн боюнча «Сабыр Мырза» аттуу пайдалануучуну аныктоо мүмкүн болгон жок.

2022-жылы 27-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты.

И.Ю. Карамушкинанын арызында көрсөтүлөн алтынчы факт боюнча:

2022-жылы 27-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБге Дубосеков көчөсүндөгү №39А даректеги №32 орто мектептин имаратында жайгашкан №1301, №1302, №1353 УШКларда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө билдирүү түштү.

Бул факт 2022-жылдын 27-февралында №2-003-2022-003978 менен маалыматтарды эсепке алуу журналына (МЭЖ) катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын тергөөгө чейин текшерүүлөр процессинде төмөнкүлөр суракка алынды:

- К.Т.К., Дубосеков көчөсүндөгү №39А даректе жайгашкан №32 орто мектепке белгисиз аялды жеткизген такси айдоочу, ал аялдан милиция кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир кагаздар алынган.

- Ч.З.К. «Азамат» аттуу белгисиз жигит шайлоо күнү №1301 УШКда көрсөткөн кызматы үчүн эмгек акы катары ага 5000 сом убада бергенин айтты.

2022-жылы 27-февралда Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматы тергөөгө чейин текшерүүлөрдүн бул материалдары боюнча кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу КР ЖПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде жазык ишин козгоодон баш тартты.

КР БШКнын жыйналышында Свердлов районунун прокурорунун орун басары Э.А. Абдыманнаповдун маалыматы угулду. Ал № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Ю. Карамушкинанын арызында баяндалган бардык фактылар боюнча Свердлов районунун ИИБ жөнөткөн териштирүүлөрдүн материалдары, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү прокуратура тараптан изилденип, текшерилгендигин белгиледи.

КР БШК мүчөлөрү И.Ю. Карамушкинанын арызында баяндалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.С. Алканованы колдоо иретинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча териштирүү материалы боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө КР БШКнын ЫЧКТсына токтоосуз маалымдоого Свердлов районунун ИИБ тергөө кызматынын көңүлүн бурду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында укук коргоо органдарынын маалыматтары эске алынды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>