2022-жылдын 10-апрелине дайындалган шайлоодо 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

01 марта 2022

2022-жылдын 28-февралында саат 24.00дө Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календардык планга ылайык 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады:

 

Шаардык кеңештин аталышы

Мандат саны

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын аталышы

Саясий партиялардын талапкерлердин тизмесинде көрсөтүлгөн талапкерлердин

саны

эркек

аял

Бардыгы:

93

16/13

853

502

351

Жалал-Абад облусу

1

Таш-Көмүр шаардык кеңеши

31

3

153

103

50

"Жаштар"

56

38

18

"Ынтымак"

47

31

16

"Ата-Журт Кыргызстан"

50

34

16

Токтогул району

2

Токтогул шаардык кеңеши

31

7

372

214

158

"Мекен ынтымагы"

58

21

37

"Бирге-Вместе"

48

29

19

"Ата-Журт Кыргызстан"

55

32

23

"Ишеним"

56

34

22

"Эл Үмүтү"

47

31

16

"Тынчтык"

55

37

18

"Ынтымак"

53

30

23

Чүй облусу, Жайыл району

3

Кара-Балта шаардык кеңеши

31

6

328

185

143

"Күчтүү Коом"

63

36

27

"Ыйман-Нуру"

50

25

25

"Ишеним"

51

34

17

"Социал-демократтар"

53

35

18

"ЭлАман"

63

31

32

"Альянс"

48

24

24

 

Шайлоого бардыгы 13 саясий партия катышууда, алардын ичинде 10 партия – 1 шаарга, 3 партия – 2 шаарга талапкерлердин тизмесин көрсөттү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде б.а. 11-мартка чейин талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – 2022-жылдын 11-мартына чейин, андан кийин үгүт үргүзүү мезгили башталат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык 13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү2022-жылдын 10-мартында саат 24.00дө аяктайт.

Ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервде калтыруу айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат.

Маалымат үчүн:

Шайлоо 3 шаардык жана 13 айылдык кеңешке 10-апрелине дайындалды:

Жалал-Абад облусу

1. Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши;

2. Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши;

Ысык-Көл облусу

3. Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши;

Нарын облусу

4. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши;

5. Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши;

Ош облусу

6. Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши;

7. Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши;

8. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңеши;

Чүй облусу

9. Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши;

10. Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши;

11. Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши;

12. Москва районунун Александровка айылдык кеңеши;

13. Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү