Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын БШК делегациясы Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү …

Кыргыз Республикасынын БШК делегациясы Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча республикалык референдумга катышты

28-Фев, 2022

2022-жылы 27-февралда Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси боюнча республикалык референдумга КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров башында турган жана БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов жана М.Наспеков курамына кирген Кыргыз Республикасынын БШК делегациясы КМШ Миссиясынын курамында эл аралык байкоочу катары катышты.

2022-жылы 26-февралда борбордук шайлоо комиссияларынын (Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан жана Өзбекстан) өкүлдөрүнүн Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү.

Карпенко Игорь Васильевич республикалык референдумга даярдык көрүү боюнча иш-чаралар жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу меймандарга маалымдап, суроолорго жооп берди. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар шайлоодогу көйгөй маселелер жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары, референдум боюнча бир катар аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иштери менен таанышты, Минск облусундагы жана Минск шаарындагы комиссиялардын иштерине байкоо жүргүзүштү, алардын иши жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти.

Алдын ала маалыматтар боюнча референдумга 5 359 471 адам же добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын жалпы санынын 78,63 пайызы катышты.

Ошентип, республикалык референдум болуп өттү деп эсептелди.

Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууга “МАКУЛ” деп 4 440 813 жаран добуш берди, бул добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын 82,86 пайызын түздү.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууга “КАРШЫ” деп референдумдун 686 165 катышуучусу добуш берди, бул добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын 12,80 пайызын түздү.

Мындан тышкары, КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров КМШ Миссиясынын корутунду отчётуна катышты.

Маалымат үчүн: Шайлоо кодексинин 121-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн тизмелерге киргизилген жарандардын көпчүлүгү Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор үчүн добуш берсе, анда ал өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө чечим кабыл алынды деп эсептелет.

Референдум жогорку деңгээлде уюшкандыкта болуп өттү, КМШ байкоочулар Миссиясынын башчысы Ильхом Нематов бүгүн бул тууралуу журналисттерге билдирди.

“Биздин узак мөөнөттүү байкоочулар Беларуста 1-февралдан тартып иштешти. Алар республиканын дээрлик бардык облус, региондорунда болуп, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолугушту, усулдук жана маалыматтык материалдар, катышуучулардын тизмелери жана башка зарыл укуктук документтер менен таанышты. Биз белорустардын жигердүүлүгүнө ынандык, алар таң эртеде келип добуш берип жатышты. Добуш берүү текши, тынч өттү. Көп адамдар майрамга келгендей, балдары менен келишти”, - деп белгиледи КМШ байкоочулар Миссиясынын башчысы И. Нематов.

Байкоочулардын жана өзүнүн байкоосуна таянып, И. Нематов өлкөдө иш-чараны жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн жана Беларусь жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү камсыздалгандыгын билдирди. Негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум болуп өттү.

Маалымат үчүн:

Беларусь Республикасынын Конституциясына ылайык эл бийлигин түздөн-түз жогорку билдирүүнүн түрлөрүнүн бири болуп саналган референдум – мамлекеттик же жергиликтүү маанидеги кыйла маанилүү маселелер боюнча жалпы элдик добуш берүү түрүндө жүзөгө ашырылуучу жарандардын эрк-ниетин түз билдирүүсү.

Референдум аркылуу жарандар өз пикирин гана билдирбестен, мамлекеттик бийлик органдары тарабынан милдеттүү түрдө эске алынуучу жана укуктук күчкө ээ болгон чечимди дагы кабыл алышат. Референдум кабыл алынган чечимдин укуктук күчү референдумду дайындоо тууралуу ченемдик укуктук актыда аныкталат.

Конституцияга ылайык Беларусь Республикасынын Президенти республикалык референдум өткөрүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу жападан жалгыз субъект болуп саналат. Парламент же жарандар (450 миңден кем эмес) республикалык референдумду дайындоо тууралуу демилгени гана көтөрө алат, ал эми Президент Беларусь Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе, референдум өткөрүү тууралуу сунушту четке кагууга укуктуу.

Конституциянын жоболорунун негизинде жана аларды жүзөгө ашыруу максатында Президент республикалык референдум өткөрүү тууралуу Жарлык чыгарат.

Төмөнкүлөр республикалык референдумдун предмети болушу мүмкүн:

  1. Конституцияны, республиканын мыйзамдарын кабыл алуу, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
  2. Республиканын мамлекеттик турмушунун башка кыйла маанилүү маселелерин чечүү.

Ошол эле учурда төмөнкүлөр республикалык референдумдун предмети болушу мүмкүн эмес:

  1. Беларусь Республикасынын аймактык бүтүндүгүн бузууга алып келүүчү маселелер;
  2. Беларусь Республикасынын Президентин шайлоого жана бошотууга, дайындалуусу (шайлоо, бошотуу) Беларусь Республикасынын Президентинин жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынын компетенциясына кирген кызмат адамдарын дайындоого (шайлоого, бошотууга) байланыштуу маселелер;
  3. бюджетти кабыл алуу жана өзгөртүү, салыктарды, жыйымдарды киргизүү, өзгөртүү жана жокко чыгаруу жөнүндө маселелер;
  4. амнистия, ырайым кылуу жөнүндө маселелер.

Республикалык референдумга Беларусь Республикасынын 18 жашка толгон бардык жарандары катышууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган жарандар шайлоодогудай эле референдумга катышууга укуксуз, ал эми жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте кайтарууда кармоо бөгөт чарасы колдонулган адамдар добуш берүүгө катышпайт.

Референдум жарандардын эрк-ниетин ыктыярдуу жана эркин билдирүүсү, жашыруун добуш берүү менен жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.

Республиканын жарандарына, коомдук бирикмелерине чогулуштарда, митингдерде, жарандардын жыйындарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында референдумга коюлган маселе боюнча өз пикирин билдирүү укугуна кепилдик берилет.

Укук коргоочу мамлекеттик органдар конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө, республиканын бүтүндүгүн бузууга, мамлекеттин коопсуздугун бүлүнтүүгө, согушка, социалдык, расалык, улуттук, диний, катмардык, уруулук артыкчылыкка чакырган, ошондой эле ырайымсыздыкты жана зомбулукту туу туткан үгүткө бөгөт коюуга тийиш.

Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү Беларусь Республикасынын Шайлоо жана республикалык референдум боюнча борбордук комиссиясы, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдар референдум боюнча борбордук комиссияларга референдумду даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон орун-жайларды, жабдыктарды жана транспорт каражаттарын берүүгө тийиш.

Мыйзамга ылайык эл аралык уюмдар, эл аралык бирикмелер чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана чет өлкөлүк жарандар түз же кыйыр түрдө катышуу менен референдумга байланыштуу иш-чараларды каржылоого жана башкача колдоо көрсөтүүгө тыюу салынат.

Борбордук комиссия облустардын, Минск шаарынын референдум боюнча комиссияларынын протоколдорунун негизинде республикалык референдумдун жыйынтыктарын чыгарат.

Референдумга катышуу укугуна ээ болгон жарандардын тизмесине киргизилген жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышса, референдум болуп өттү деп эсептелет.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>