Башкы Жаңылыктар КР БШК: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо …

КР БШК: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо башталды

10-Фев, 2022

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүүгө өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады.

Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуужарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна көмөктөшүүчү шайлоочуларга маалымдоону жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин камтыйт. Үгүт жүргүзүү процессине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүшү керек.

КР БШК обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2022-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) КР БШКга берилүүгө тийиш экендигин эске салат.

Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниеттенген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары белгиленген мөөнөттө – 2022-жылдын 17-февралына чейин (кошуп алганда) төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;

- жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин салык органдарында мамлекеттик каттоо (патент) жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;

- маалымат жана массалык коммуникация чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгѳ уруксат берген документтердин кѳчүрмѳсүн;

- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);

- эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар.

Жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылма электрондук варианттагы арызда камтылган аталган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн электрондук почтасына pr.shailoo@gmail.com жөнөтөрүн КР БШК эске салат.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин б.а. шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо 2022-жылдын 11-мартында, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо 2022-жылдын 21-мартында башталат.

Ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарландыруу жана үгүт жүргүзүүдө аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>