Башкы Жаңылыктар КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, …

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү

10-Фев, 2022

КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү

10 ФЕВРАЛЯ 2022

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлдү жана КР БШКнын шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына - https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml жайгаштырылды.

Шайлоочулардын тизмелери 2022-жылдын 19-февралына чейин кагазга басылып чыгарылып, 84 шайлоо участогуна илинет.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта күн сайын жүргүзүлөт.

Урматтуу шайлоочулар!

2022-жылдын 10-февралынан тартып 25-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • 2022-жылдын 19-февралынан тартып шайлоо участогунда;
  •  «tizme.gov.kg.» сайтында;
  • Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, Сиз 2022-жылдын 25-мартына чейин (кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg.” сайтында «шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

Маалымат үчүн: КРдин шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар жана КР мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, КРдин бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 41-абзацы, 12-беренесинин 1-бөлүгү).

 

Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча алдын ала тизмелердеги шайлоочулардын саны 24 810 шайлоочуну, Токтогул шаардык кеңеши 13 061 шайлоочуну, Кара-Балта шаардык кеңеши 30 818 шайлоочуну, Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 1 836 шайлоочуну, Кара-Булак айылдык кеңеши 2 179 шайлоочуну, Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3 189 шайлоочуну, Александровка айылдык кеңеши 11 357 шайлоочуну, Сокулук айылдык кеңеши 10 900 шайлоочуну, Кара-Жыгач айылдык кеңеши 4 475 шайлоочуну, Көк-Арт айылдык кеңеши 7 270 шайлоочуну, Юсупов айыл кеңеши 16 496 шайлоочуну, Төлөйкөн айылдык кеңеши 16 740 шайлоочуну, Ак-Таш айылдык кеңеши 5 830 шайлоочуну, Тоголок-Молдоко айылдык кеңеши 2 260 шайлоочуну, Казыбек айылдык кеңеши 3 326 шайлоочуну, Кажы-Сай айылдык кеңеши 3 015 шайлоочуну түздү.

2022-жылдын 10-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмеси 2022-жылдын 11-мартына чейин түзүлүп, "Тизме" мамлекеттик жайгаштырылат жана шайлоо участокторуна илинет.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2022-жылдын 31-мартына чейин түзүлүп, 2022-жылдын 7-апрелине чейин "Тизме" мамлекеттик жайгаштырылат жана шайлоо участокторуна илинет.

 

 

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 

84

127704

66769

52,3

157562

Чүй облусу 

33

47905

23963

50

60279

Жайыл АШК 

16

23196

14029

60,5

30818

Кара-Балта шаардык кеңеши 

16

23196

14029

60,5

30818

Кемин АШК 

6

6550

3042

46,4

7204

Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 

1

1660

815

49,1

1836

Кара-Булак айылдык кеңеши 

2

2023

765

37,8

2179

Көк-Ойрок айылдык кеңеши

3

2867

1462

51

3189

Москва АШК 

6

9736

4082

41,9

11357

Александровка айылдык кеңеши 

6

9736

4082

41,9

11357

Сокулук АШК 

5

8423

2810

33,4

10900

Сокулук айылдык кеңеши 

5

8423

2810

33,4

10900

Жалал-Абад облусу 

24

40056

20600

51,4

49616

Таш-Көмүр АШК 

11

19658

10561

53,7

24810

Таш-Көмүр шаардык кеңеши 

11

19658

10561

53,7

24810

Токтогул АШК 

5

10819

5475

50,6

13061

Токтогул шаардык кеңеши 

5

10819

5475

50,6

13061

Аксы АШК 

3

3735

1677

44,9

4475

Кара-Жыгач айылдык кеңеши 

3

3735

1677

44,9

4475

Сузак АШК 

5

5844

2887

49,4

7270

Көк-Арт айылдык кеңеши 

5

5844

2887

49,4

7270

Ош облусу 

20

32058

18680

58,3

39066

Араван АШК 

9

13785

8737

63,4

16496

С. Юсупов айылдык кеңеши 

9

13785

8737

63,4

16496

Кара-Суу АШК 

11

18273

9943

54,4

22570

Ак-Таш айылдык кеңеши 

3

4620

2624

56,8

5830

Төлөйкөн айылдык кеңеши 

8

13653

7319

53,6

16740

Нарын облусу 

4

5049

2463

48,8

5586

Ак-Талаа АШК 

1

2076

978

47,1

2260

Тоголок-Молдо айылдык кеңеши 

1

2076

978

47,1

2260

Ат-Башы АШК 

3

2973

1485

49,9

3326

Казыбек айылдык кеңеши 

3

2973

1485

49,9

3326

Ысык-Көл облусу 

3

2636

1063

40,3

3015

Тон АШК 

3

2636

1063

40,3

3015

Кажы-Сай айылдык кеңеши 

3

2636

1063

40,3

3015

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>