Башкы Жаңылыктар БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган КР кээ бир жергиликтүү …

БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган КР кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти

09-Фев, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-февралындагы жыйналышында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган КР кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 10-апрелине дайындалды.

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү, Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде уюштуруучулук-техникалык ж.б. маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү каралды.

КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:

Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо

- ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды БШКга берүүсү – 2022-жылдын 18-февралына чейин.

Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө

- шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү жана Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарып алуу – 2022-жылдын 9-февралына чейин;

- шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илүү – 2022-жылдын 19-февралына чейин;

- шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, тизмеде болбогондук жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – (2022-жылдын 25-мартына чейин (кошуп алганда);

- шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2022-жылдын 11-мартына чейин;

- шайлоочулардын шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло тизмесин түзүү – 2022-жылдын 31-мартына чейин.

Шайлоо округдарын түзүү

  • бирдиктүү жана көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү – 2022-жылдын 19-февралына чейин;

- шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү – 2022-жылдын 19-февралына чейин.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

шаардык кеңештерге:

- шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдобуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда (2022-жылдын 28-февралында саат 24.00гө чейин);

- шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү – добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 28-февралында саат 24.00гө чейин);

- шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда (2022-жылдын 11-мартына чейин).

айылдык кеңештерге:

- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда (2022-жылдын 10-мартында саат 24.00гө чейин);

- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү –добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 10-мартында саат 24.00гө чейин);

- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күнгө чейин (2022-жылдын 21-мартына чейин).

Шайлоо алдындагы үгүт

- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – шаардык кеңештердики – 2022-жылдын 11-мартынан, айылдык кеңештердики – 2022-жылдын 21-мартынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда (2022-жылдын 9-апрелинде, саат 8.00дө) токтотулат.

Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

- шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү 2022-жылдын 21-мартына чейин;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо 2022-жылдын 31-мартына чейин.

Добуш берүүнү өткөрүү тартиби

- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу 2022-жылдын 7-апрелине чейин;

- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда (2022-жылдын 9-апрели);

- добуш берүүнү өткөрүү 2022-жылдын 10-апрели, саат 8.00дөн 20.00гө чейин;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2022-жылдын 30-апрелине чейин.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>