2022-жылдын 5-февралына карата КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат
05 февраля 2022
БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берет.
Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди (58 – эркек, 14 – аял), алардын ичинен 53 талапкер катталды.
- 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын экөө – катталган талапкерлердин ичинен);
- каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 5 талапкерге.
№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 – эркек, 3 – аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, алардын ичинен 27 талапкер катталды.
- 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкерлердин ичинен);
- каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 2 талапкерге.
№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 – эркек, 11 –аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, алардын ичинен 26 талапкер катталды;
- 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкерлердин ичинен);
- каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 3 талапкерге, 1 талапкер баш тартуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанат.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2022-жылдын 7-февралынан тартып башталат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү