Башкы Жаңылыктар БШК Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучуларынын ассоциациясынын Бүткүл дүйнөлүк …

БШК Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучуларынын ассоциациясынын Бүткүл дүйнөлүк саммитине катышты

03-Фев, 2022

Бүгүн – Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү, ал 2005-жылы күзүндө Венгрияда шайлоо уюштуруучулардын Глобалдуу конференциясында уюшулган. Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнү ар жылы февраль айынын биринчи бейшембисинде майрамдалат.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү чөйрөсүндөгү кесипкөйлөр Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн уюштуруу менен жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана сөздүн кеңири маанисинде шайлоо процесстерин өркүндөтүү проблемаларына адамадрдын көңүлүн буруу максатын көздөшкөн.

Шайлоо күнүн майрамдоо урматына Кыргызстан мүчөсү болуп саналган Европа өлкөлөрүнүн шайлоо уюштуруучуларынын ассоциациясы (ЕӨШУА) уюштурган Бүткүл дүйнөлүк саммити болуп өттү. Онлайн форматта жолугушуунун жүрүшүндө Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖББ) директору М. Сарымсаков баяндама жасады. Ал саммиттин катышуучуларына 2021-жылы өткөрүлгөн шайлоо өнөктүктөрү, шайлоо мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр, шайлоо натыйжаларынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоодогу жетишкендиктер, мындан аркы өркүндөтүү боюнча милдеттер тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, шайлоо процессинде жетишкендиктер тууралуу маалымдоо, жаш шайлоочуларда демократиялык баалуулуктарга берилгендикти калыптандыруу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралда БШКнын өнүктүрүү боюнча туруктуу өнөктөштөрү ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин жана IFESтин, ошондой эле International Alert уюмунун көмөктөшүүсү менен мектеп окуучулары жана студенттер үчүн “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. ()

ЖББ директору М. Сарымсаков менен Бишкек АШК мүчөсү О. Щербинина Бишкек шаарынын № 4 гимназиясында окуучулары үчүн “Мен – келечектеги шайлоочумун” деген темада ачык лекция өткөрүштү. Лекцияда Конституциянын жарандардын шайлоо укуктарын, демократиялык эркин шайлоолорду уюштуруунун негизги принциптерин жөнгө салган негизги жоболору ачылды.

Бишкек шаарынын № 4 гимназиясынын жогорку класстарынын окуучуларынын арасында “Жаштар жана шайлоо” деген темада сүрөт конкурсу жарыяланды. Курамына БШК өкүлдөрү У. Жылкыбаев, А. Жупуева, Б. Дюшенбиева кирген жюри 3 мыкты сүрөттү тандады. 9 «В» класстын окуучусу Черикова Карина (1-орун), 11 «Ж» класстан – Середа Валерия (2-орун), 9 «И» класстан – Лобова Анастасия (3-орун) жеңүүчү болушту. 11 «Ж» класстын окуучулары Ким Мин Джу, Патякин Максим, Фазылов Надим кызыктыруучу байгелерди алышты.

“Аралаш тутум. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун бул тутуму натыйжалуубу, ал элдин тандоосун чагылдырабы?” деген темадагы жаштар дебаттары күндүн чечүүчү окуясы болду. Жаштар дебаттары бирикмесинин “Бекитүү” жана “Тануу” командалары атаандаш болуп чыгышты. Жыйынтыгында “Бекитүү” командасы жеңүүчү болду жана команда мүчөлөрү Абдугулов Бектурган, Орозоев Бекназар эстелик байгелери менен сыйланышты. Экинчи команданын мүчөлөрү Орозбаев Бакытбек, Абыкеев Эрлан кызыктыруучу байгелерди татыктуу болушту.

Жаштар үчүн “Менин тандоом – менин укугум!” деген темада QUIZ-викторина дагы өткөрүлүп, 10 команда катышты. “Дайрект жооп беришти” командасы (1-орун), “Тамчы” командасы (2-орун), “Жаңы адамдар” командасы (3-орун) жеңип чыгып, байгелерди алышты.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын өкүлү жана Бишкек шаарынын № 4 гимназиясынын окуучулары Кахут-оюндарынын жеңүүчүлөрү болушту.

Ошондой эле жаш меймандарга БШКнын имаратында экскурсия өткөрүлдү, анын жүрүшүндө алар аппараттын иши менен таанышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоо урматына, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү алкагында маалыматтык, түшүндүрүү иштерине жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студент ыктыярчыларына сыйлыктар тапшырылды. КР БШК кызматкерлери дагы сыйланды.

Демократиянын негизги принциптерин жана постулаттарын биздин өлкөнүн жарандарынын аң-сезимине жеткирүүдө шайлоолордун ролун ачып берүү, Конституция кепилдеген демократиялык эркиндиктерди жүзөгө ашыруу алкагында түздөн-түз же шайланган өкүлдөр аркылуу мамлекетти башкарууда жаш шайлоочулардын өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билүүсүнө жана түшүнүүсүнө көмөктөшүү бул иш-чаранын негизги милдети болуп саналат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>