КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады

31 января 2022

БШК 2022-жылы 30-январда саат 18.00дө 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктаганын билдирет.

Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди,  55 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды.

Бүгүнкүгө карата:

- 37 талапкер катталды;

- 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер);

-  каттоодон баш тартылды – 1 талапкерге;

- каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес – 7 талапкер.

18 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 эркек, 3 аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, 28 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды, анын ичинде:

- 16 талапкер катталды;

- 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди;

-  каттоодон баш тартылды – 1 талапкерге;

- каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес – 2 талапкер.

12 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 эркек, 11 аял)  талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, 27 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды, анын ичинде:

- 21 талапкер катталды;

- 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер);

- каттоого документтердин толук топтомун/же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес – 5 талапкер.

6 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесине ылайык депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 7-февралына чейин аяктаарын билдиребиз.

Конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 2022-жылдын 7-февралынан тартып башталат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү