Анонс

07 января 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 11-январда саат 14:00дө 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн окутуу тренингин өткөрөт.

Талапкерлер төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат:

• Документтерди тапшыруу жана талапкерлерди каттоо тартиби;

Талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери;

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;

Шайлоо даттанууларын кароо тартиби.

Катышуу маселелери боюнча төмөнкү байланыш телефон номуруна чалып, кайрылууга болот: 0312 62 62 87.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү