БШК парламенттик кайталап шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

05 января 2022

2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого № 27 Биринчи Май шайлоо округу жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Алдын ала тизмедеги № 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 109 457 анын ичинен 46112 Эркектер, 63345 аялдар жана № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 103 413 анын ичинен эркектер – 43683, аялдар - 59730 түзөт. Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын саны 212 870ду түзөт, алардын ичинен эркектер – 89 795, аялдар – 123 075, же тиешелүү түрдө 42,18%, 57,82%

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жалпы шайлоочулардын санына салыштырмалуу 24 863 жаранга көбөйдү жана 3 728 283 шайлоочуну түздү.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында күн сайын жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2022-жылдын 11-январынан тартып 16-февралына чейин жүргүзүлөт.

Шайлоочулардын таанышуусу жана маалыматтарды тактоосу үчүн тизмени УШКга 2022-жылдын 11-январында илет.

Шайлоочулардын контролдук тизмеси УШКга 2022-жылдын 7-февралында илинет.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2022-жылдын 22-февралында “Тизме” порталына жайгаштырылат.

Урматтуушайлоочулар!

2022-жылдын 11-январынан тартып 16-февралына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «https://tizme.gov.kg/ » сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2022-жылдын 16-февралына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “https://tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

 

Шайлоочулардын тизмесин эсепке алуу бирдиктүү системасы

2022-жылдын 27-февралына дайындалган, бир мандаттуу №27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого, шайлоочулардын алдын ала тизмеси.

- гендер боюнча:

№ к/н

Округдардын аталыштыры

УШК саны

2022-жылдын 5-январына карата шайлоочулардын гендер боюнча саны

баардыгы

эркектер

аялдар

 

Баардыгы

120

212870

89795

123075

1

№27 Биринчи май шайлоо округу

60

109457

46112

63345

2

№29 Свердлов шайлоо округу округу

60

103413

43683

59730

 

- жаш курагы боюнча:

 

№ к/н

Округдардын аталыштыры

УШК саны

2022-жылдын 5-январына карата шайлоочулардын жаш курагы боюнча саны

баардыгы

~ 29

30 ~ 39

40 ~ 49

50 ~ 59

60 ~ 69

70 ~

 

Баардыгы

120

212870

45726

50564

39629

33946

25798

17207

1

№27 Биринчи май шайлоо округу

60

109457

23750

26424

20144

17414

13251

8474

2

№29 Свердлов шайлоо округу округу

60

103413

21976

24140

19485

16532

12547

8733

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү