БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

04 января 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 4-январындагы жыйналышында Ош, Талас жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

“Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты Каналиев Улан Касымовичтин (№5) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Талас облусунун Талас районунун Калба айылдык кеңешинин депутаты Берикова Каныбека Колпочбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат фермер Токтогулов Тилек Нурсултановичке өткөрүп берилди.

“Республика” депутаттык фракциясынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаты Лебедев Глеб Викторовичтин (№2) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “ЖЗМК” ЖЧК кызматкери Сатыбалдиев Эрнист Тургунбековичке (№6, “Республика” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айылдык кеңешинин депутаты Лоренц Наталья Владимировнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Амантаев Руслан Нурдиновичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айылдык кеңешинин депутаты Асанбеков Адилет Асанбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Бейшеналиев Тойчубек Дуйшенбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңешинин депутаты Харов Шакир Искаковичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Буларов Шелиф Паншаровичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Өмүрзаков Нургазы Маматеминовичти (№16) катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарышты.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү