КР БШКнын 2022-жылдын 4-январында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

04 января 2022

                                                                                   Өткөрүү датасы: 4-декабрь 2022-ж.

                                                                                                              Убактысы: 15.30

                                                                                                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Талас жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

2. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Гапаров Адылбек Абдикаримовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бейшенбаев Эдиль Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

 

4. Ар кандай маселелер