Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктайт!

31 декабря 2021

Урматтуу кыргызстандыктар!
Борбордук шайлоо комиссиясы сиздерди жаңы 2022-жылыңыздар менен чын ыкластан куттуктайт!
Жаңы жылда сиздерге ден соолук, бакубатчылык, жакшылык жана бакыт каалайбыз!
2022-жыл Кыргызстан үчүн тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн, жаратмандыктын жана өнүгүүнүн, бакубаттуулуктун жана элибиздин биримдигин чыңдоонун жылы болсун!
Урматтуу кесиптештер, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары, мүчөлөрү! 
Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын тутуму үчүн кетип бара жаткан жыл окуяларга абдан бай болду – бардык деңгээлде шайлоолор жана референдумдар өткөрүлдү.
Шайлоо комиссияларынын жигердүү аракетинин аркасында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, жарандык уюмдар, эксперттик коомчулук, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өнөктөштүктө, эл аралык өнөктөштөр менен бирдикте шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүүнү өткөрүү үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө жана шайлоону өз убагында даярдап, ийгиликтүү өткөрүүгө мүмкүн болду. 
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө болгон сиздердин эбегейсиз аракетиңиздер жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер, коом үчүн маанилүү болгон комиссиялардын ишин аткаруудагы түшүнүүчүлүк жана патриоттук ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Шайлоо комиссияларынын жамаатынын шайлоо процессин уюштуруу жана өркүндөтүү боюнча мындан аркы иши жарандардын шайлоо укуктарын толук жана бирдей ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга, шайлоо процессин мындан ары демократиялаштырууга багытталат.
Сиздерди жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктап, өзүңүздөргө жана жакындарыңызга ден соолук, бакубатчылык, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы