БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Д. Таштанбековго ырастама жана төш белги тапшырды

31 декабря 2021

 

Бүгүн – 2021-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө” (бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча) КР БШКнын токтомунун негизинде № 30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таштанбеков Акбокон Дукеновичке белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү