Башкы Жаңылыктар Көзөмөлдөө-текшерүү тобу. Өткөн шайлоо өнөктүгүн каржылоо жыйынтыгын чыгаруу

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу. Өткөн шайлоо өнөктүгүн каржылоо жыйынтыгын чыгаруу

31-Дек, 2021

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору, каржылык отчёттору, шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыздоо боюнча жыйынтыктарды чыгарууда.

1. Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддору жөнүндө

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өз шайлоо фонддорун түзөт.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 341 талапкер шайлоо фонддорун түзүштү.

Банктардын маалыматтарына ылайык 2021-жылдын 15-декабрына карата бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 262,7 млн. сом акча каражаттары түшкөн. Алдын ала талдоо боюнча баарынан көп акча каражаттары – 192,3 млн. сом (73,2%) суммасында жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрү түрүндө түшкөн. Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн 14,4 млн. сом (5,5%) суммасында, талапкердин өз каражаттарынан 49,7 млн. сом (18,9%) суммасында түшкөн, кайтарылуучу шайлоо күрөөлөрүнүн, реквизиттердин туура эмес көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу кайтарып берүүлөрдүн, пайдаланылбаган каражаттардын калдыктарын кайтарып берүүлөрдүн суммасы 6,3 млн.сомду (2,4%) (1-диаграмманы караңыз) түздү.

1-диаграмма. Талапкерлердин шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүү түзүмү

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга 245,8 млн. сом сарпталды. Маалыматтарды алдын ала талдоо талапкерлер өз каражаттарынын көп бөлүгүн – 82,3 млн. сомду (33,5%) үгүт материалдарын даярдоо жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө коротушкан, агитаторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө 67,9 млн. сом (27,6%) сарпталган, шайлоо күрөөсүн төлөөгө – 34,2 млн. сом (13,9%), орун жайды, жабдууларды, жарнамалык аянтчаларды ижарага алууга жумшалган чыгымдардын суммасы 25,7 млн. сом (10,5%) түздү, футболка, жилетка, кепка ж.б. түрүндөгү үгүт материалдарын сатып алууга – 3,3 млн. сом (1,3%), ДМЧ шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө – 2,4 млн. сом (1%), шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу иштерди аткаргандык, кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка чыгымдары төлөөгө (маалыматтык жана кеңеш алуу мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, иш сапар чыгымдары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, кеңсе товарларын сатып алуу, КММ, салык чегерүүлөрү, социалдык милдеттенмелер ж.б.) – 30,0 млн. сом (12,2%) коротушкан (2-диаграмманы караңыз).

Талапкерлердин шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы 16,9 млн.сомду (6,4%) түздү.

2-диаграмма. Талапкерлердин шайлоо фонддорундагы каражаттарды чыгымдоонун түзүмү

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 22 саясий партия өз шайлоо фонддорун түздү.

Банктардын маалыматтарына ылайык 2021-жылдын 15-декабрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 233,0 млн. сом акча каражаттары түшкөн. Алдын ала талдоо боюнча баарынан көп акча каражаттары – 103,8 млн.сомов (44,5%) суммасында саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин өз акча каражаттары түрүндө түшкөн. Юридикалык жактардан ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөр баарынан аз – 0,5 млн.сом (0,2%) түшкөн. Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрү 67,0 млн.сомду (28,8%), саясий партиялардын өз каражаттары 57,2 млн.сомду (24,5%) суммасында түздү, кайтарылуучу шайлоо күрөөлөрүнүн, реквизиттердин туура эмес көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу кайтарып берүүлөрдүн, пайдаланылбаган каражаттардын калдыктарын кайтарып берүүлөрдүн суммасы 4,5 млн.сомду (1,8%) (3-диаграмманы караңыз) түздү.

3-диаграмма. Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүү түзүмү

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга 232,3 млн. сом сарпталды, анын ичинде шайлоо күрөөсү катары 22,0 млн. сом (9,5%) төгүлдү. Саясий партиялардын чыгымдарын алдын ала талдоо талапкерлер өз каражаттарынын көп бөлүгүн – 129,3 сомду (55,7%) үгүт материалдарын даярдоо жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө коротушкан. Агитаторлордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө 28,9 млн. сом (12,4%), сарпталган, орун жайды, жабдууларды, жарнамалык аянтчаларды ижарага алууга 31,4 млн. сом (13,5%), футболка, жилетка, кепка, желек ж.б. түрүндөгү үгүт материалдарын сатып алууга – 3,4 млн. сом (1,5%), теле- радио берүүлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөргө – 5,8 млн. сом (2,5%), ДМЧ шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө – 2,3 млн. сом (1%), шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу иштерди аткаргандык, кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка чыгымдары төлөөгө (маалыматтык жана кеңеш алуу мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, иш сапар чыгымдары, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, кеңсе товарларын сатып алуу, КММ, салык чегерүүлөрү, социалдык милдеттенмелер ж.б.) – 9,2 млн. сом (4%) коротушкан (4-диаграмманы караңыз).

4-диаграмма. Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын чыгымдарынын түзүмү

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун пайдаланылбаган каражаттарынын калдыгы 673,0 миң сомду (0,3%) түздү.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо тартиби төмөнкүлөр менен жөнгө салынат:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен;

  • ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобо менен.

Талапкерлердин шайлоо фонддору тѳмѳндѳгү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин жеке каражаттарынан – 150 000 сомдун чегинде;

 

2) саясий партия талапкерге бөлгөн каражаттардан – 1000 000 сомдун чегинде;

3) жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугунан – 200 000 сомдун чегинде;

4) юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугунан – 500 000 сомдун чегинде.

Талапкердин шайлоо фондунун келип түшкѳн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектик суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

Саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкердин өз каражаттарынан – 1 500 000 сомдун чегинде;

2) саясий партия талапкерге бөлгөн каражаттардан – 100 000 000 сомдун чегинде;

3) жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн – 200 000 сомдун чегинде;

4) юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн – 3 000 000 сомдун чегинде.

Саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылышы мүмкүн:

1) шайлоо алдындагы үгүткө, талапкерди колдоого колтамга топтоого багытталган уюштуруу-техникалык чараларды каржылык камсыздоого;

2) конституциялык Мыйзамда белгиленген өлчөмдө шайлоо күрөөсүн төлөөгө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө төлөөгө, атап айтканда, төмөнкүлөргө:

- маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө;

- үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга;

- жайларды, жабдыктарды ижарага алууга;

- транспорттук жана иш сапар чыгымдарын жабууга;

- байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө;

- кеңсе товарларын, жабдыктарын сатып алууга;

- жарыяларды жана талапкердин сүйлөгөн сөздөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;

- шайлоочулар менен шайлоо алдындагы чогулуштарды, жолугушууларды өткөрүүгө.

 

2. Талапкерлердин жана саясий партиялардын каржы отчёттору

Шайлоо мезгили ичинде талапкерлер, саясий партиялар шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүлөрүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана БШКга каржы отчетторун берүүгѳ милдеттүү болчу.

15.12.2021-ж. карата бардык баштапкы документтеринин түп нускалары менен Жыйынтыктоочу каржылык отчетту (топтомо маалыматтарды) бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышкан 282 талапкердин 177 талапкери тапшырды. 21 саясий партиядан 18и бардык баштапкы документтеринин түп нускалары менен Жыйынтыктоочу каржылык отчетту (топтомо маалыматтарды) тапшырды.

Учурда КТТ мүчөлөрү түшкөн каржылык отчетторду текшерүүдө. Отчеттордун алдын ала аудити шайлоо фонддорунун акча каражаттарын эсепке алууну жүргүзүүнүн негизги бузуулары төмөнкүлөр болуп саналарын көрсөттү:

  1. Транзакциялардын ГКПО боюнча төлөмдөрдүн коддоруна дал келбестиги;

  2. Аткарылган жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн актыларынын болбогондугу;

  3. Атайын эсептерде алынбаган калдыктардын болушу;

  4. Жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга ыктыярдуу патенттердин болбогондугу;

  5. Сатылып алынган продукцияларга товарды коштомолордун болбогондугу;

  6. Келишимдерде тараптардын реквизиттеринин, кол тамгалардын, жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын болбогондугу.

  7. Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча финансылык операцияларды добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирип жүргүзүү.

Аныкталган бузуулар боюнча талапкерлерге жана саясий партияларга тиешелүү билдирмелер берилүүдө.

 

3. Шайлоо күрөөлөрү жөнүндө

КР ЖКга шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерден (341 талапкерден) БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 34 228 100 сомду түздү, анын ичинде 1 талапкер жаңылыштык менен шайлоо күрөөсүнүн суммасын эки жолу – 200 000 сом (100 000 кайтарылууга тийиш болчу), 1 талапкер жаңылыштык менен 108 000 сом (8 000 сом кайтарылууга тийиш болчу), 1 талапкер жаңылыштык менен 100 100 сом (100 сом кайтарылууга тийиш болчу), 1 талапкер жаңылыштык менен 120 000 сом (20 000 сом кайтарылууга тийиш болчу) төккөн. Жаңылыштык менен которулган бардык сумма 128 100 сомду түздү, азыркы учурга карата ал кайтарылып берилди.

Шайлоо мезгилинде 36 талапкер шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. Суммасы 3 600 000 сом шайлоо күрөөсү ал талапкерлерге кайтарылып берилди.

Шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан, ошондой эле каттоо жокко чыгарылган 23 талапкердин жалпы суммасы 2 300 000 сом шайлоо күрөөсү республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Жыйынтыгында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 282 талапкер катышты.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алган талапкерлердин саны 156 адамды түздү. Шайлоо өткөн жок деп таанылган эки бир мандаттуу шайлоо округунда (№ 27 Биринчи май шайлоо округунда жана № 29 Свердлов шайлоо округунда) шайлоого катышкан талапкерлердин саны 11 адамды түздү. Талапкерлерге кайтарылуучу шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 16 млн. 700 миң сомду түзөт. Азыркы учурда ал талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жол-жобосу аяктап калды.

Калган 11 500 000 сом сумма мыйзам ченемдери боюнча республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Ошентип, талапкерлерге кайтарып берилүүчү шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 20 428 100 сомду (60%), ал эми республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 13 800 000 сомду (40%) түздү.

КР ЖКга шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партиядан БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 22 000 000 сомду түздү. «Ак Асаба» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартты. Ал партия төккөн 1 000 000 сом суммасындагы шайлоо күрөөсү ага кайтарылып берилди.

КР ЖК депутаттарын шайлоого иш жүзүндө 21 саясий партия катышты.

Алынган натыйжалар боюнча бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 1 пайыздан кем эмес добушун алган саясий партиялардын саны 12ни түздү. Саясий партияларга кайтарылуучу шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 12 000 000 сомду (57%) түзөт. Азыркы учурда ал саясий партияларга шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жол-жобосу аяктап калды.

9 саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 1 пайыздан кем добушун алды. Демек, суммасы 9 000 000 сом (43%) республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Маалымат үчүн. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндөгү (б.а. 1 000 000 сом) шайлоо күрөөсүн төгөт. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндөгү (б.а. 1 00 000 сом) шайлоо күрөөсүн төгөт”.

Конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 16 жана 16-1-бөлүктөрүнө ылайык “шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:

1) бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга, ошондой эле бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;

2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

3) шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга.

4) шайлоо жараксыз деп таанылган учурда.

4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса.

Күрөөнүн калган суммасы бюджетке кошулууга тийиш.

Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берген күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарган учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган учурда талапкер, саясий партия тарабынан коюлган шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет”.

4. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылык камсыз кылуу

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, «шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы “2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 16-сентябрындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 592 531 миң сомду түздү, анын ичинде:

- Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары 235 394,7 миң сом, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды шайлоо комиссияларынын жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттар;

- округдук шайлоо комиссияларынын (мындан ары – ОШК) чыгымдары 339 136,3 миң сом суммасында, алар төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрүлөт;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктары КР ТИМ тарабынан ишке ашырылаары эске алынып, КР ТИМдин чыгымдар суммасы 18 000 миң сом.

Мындан тышкары, КР ТИМдин кайрылуусуна байланыштуу, муктаждыктар жана иштин өзгөчөлүктөрү эске алынып, 2021-жылдын 10-октябрындагы № 773 токтому менен КР БШК 4 126 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасын бекитти. Көрсөтүлгөн сумма ТИМдин эсептешүү эсептеринде болду жана буга чейин өткөрүлгөн шайлоо өнөктүктөрүнүн натыйжасы боюнча акча каражаттарынын калдыгы болуп саналат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө КР ТИМдин чыгымдарынын жалпы сметасы 22 126 миң сомду түздү.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 549 683,2 млн. сом сарпталды.

Алдын ала калдык (үнөм) 24 847,8 млн. сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды 574 531,0 миң сом суммасында каржылады.

Маалымат үчүн: «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин талаптарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын ишин, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишин камсыздоону төмөнкү чыгымдар боюнча борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырат:

- байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (уюлдук байланыш);

- кеңсе жабдыктарын сатып алуу;

- интернет-байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (анын ичинде автоматтык эсептөөчү урналар жана планшеттер үчүн);

- басма продукция боюнча кызмат көрсөтүүлөр (бюллетендерди, тестке бюллетендерди, шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын, усулдук журналдарды ж.б. даярдоо);

- жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү жарыялоо;

- шайлоо жабдыктарын, шайлоо документтерин жана таратылуучу материалдарды жеткизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

- жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын сатып алуу;

- шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыздоого байланыштуу башка чыгымдар.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө төмөн турган шайлоо комиссиялары үчүн төмөнкү беренелер боюнча чыгымдардын сметасы бекитилген:

• 2111 «Эмгек акы»,

• 2121 «Соц. Фондго чегерүүлөр»,

• 2211 «Иш сапарынын чыгымдары»,

• 2214 «Транспорт чыгымдары» (автотранспорт үчүн КММ жана кеңсе товарларын, баннерлерди, таратылуучу материалдарды, жеке коргонуу каражаттарын, жабдыктарды ОШК-УШК-ОШК каттамы боюнча ташып жеткизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр) жана ОШК отчетторун тапшыруу үчүн;

• 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» (шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну өткөрүүгө чыгымдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн бир адамга бир күнгө 500 сом эсебинде тамак уюштурууга, суткалык төлөө).

Смета төмөн турган шайлоо комиссияларын ачууга, техникалык жактан жабдууга жана алардын иштөөсүнө керектүү бардык чыгымдарды эске алуу менен эсептелет (бир шайлоо комиссиясындагы мүчөлөрдүн саны 13-15 адамдын чегинде белгиленген). ОШК жана УШК мүчөлөрүнуң жалпы саны 31 523 адамды түзөт:

- 36 ОШК - 540 адам,

- 2435 УШК – 30 527 адам;

- ТИМ боюнча 57 УШК – 456 адам.

Ошондой эле смета 600 адамдан турган техникалык колдоо топторунун (ТКТ) ишке тартылган адистерине акы төлөөнү, автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн (АЭТ) саны 2290 адам болгон ишке тартылган операторлорго (алардын саны шайлоочулардын санына жараша болот) сыйлык акы төлөөнү камтыйт.

Мындан тышкары, күнү-түнү иштөөгө байланыштуу мыйзамда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, биометрикалык идентификация операторлоруна, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыздоо үчүн ишке тартылган ИИМ кызматкерлерине (4942 адам) бир адамга добуш берүү күнгө жана ал күндѳн мурунку күнгө 500 сом эсебинде тамак уюштурууга суткалык чыгымдарды төлөө каралган.

5. Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоонун айкындуулугун камсыздоо боюнча чаралар

Шайлоо өнөктүгүн даярдоодо жана өткөрүүдө БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоонун ачык-айкындуулугуна жетишүү үчүн күчөтүлгөн чараларды көрдү.

«Финансылык айкындуулук» (ФА АМТ) (экинчи компонент) деп аталган талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугунун автоматташтырылган тутуму иштелип чыгып, пайдаланууга берилди, ал аркылуу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдалышы тууралуу так, толук маалыматтарды төмөнкү форматта БШКнын сайтындагы «Талапкер /Шайлоо фонду» деген бетте онлайн режиминде автоматтык түрдө көрсөтүлүп турат:

- атайын эсепке качан, кимден, канча акча каражаты түштү;

- кайсы товар, кызмат көрсөткөндүк үчүн качан, кимге жана канча сарпталды.

Бул маалыматтарды БШК «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алат, ал маалыматтар жеке маалыматтарды коргоо жана банк сыры тууралуу мыйзамдардын талаптары эске алынуу менен жарыяланат.

Мындан тышкары, ошол эле бетке талапкерлердин жана саясий партиялардын ФА АМТта топтолуучу каржылык отчёттору көрсөтүлүп турат.

Бүткүл шайлоо мезгилинин тогошунда, айрыкча талапкерлер жана саясий партиялар үгүт өнөктүгүн жигердүү жүргүзгөн мезгилде көзөмөлдөө-текшерүү тобу (ККТ) өз ыйгарым укуктарынын алкагында шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылган бардык иш-чараларды каржылоого контролдук жүргүзүп турду.

ККТ үгүт материалдарынын социалдык түйүндөрдө (Tik Tok, Facebook, YouTube ж.б.) жайгаштырылышына контролдук жүргүздү. Facebookтагы саясий жарнама, ал үчүн акы төлөөнүн тууралыгы контролго алынды. Ушуга байланыштуу ККТ мүчөлөрү өз жыйналыштарында бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү карашты же шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо боюнча аныкталган бузуулар тууралуу ар түрдүү даттанууларды кароо үчүн БШКнын башка жумушчу топторунун жыйналыштарына катышып турушту, акы төлөөнүн укук ченемдүүлүгүнө бааларын беришти.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «РСК Банк», «Айыл Банк», коммерциялык банктар – электрондук капчыктардын иштеп чыгуучулары – «Компаньон» (Компаньон, Umai), « «Кыргызстан» коммерциялык банкы» (Mbank, Namba One), «Дос-Кредобанк» (Balance, Megapay, О! Деньги), төлөм тутумдарынын операторлору – Банктар аралык Процессинг Борбору, Pay24, QuickPay, «BM Technologies», «Региондук төлөм тутумдары», «Көз ирмемде төлөмдөр», «Грин Телеком Сервис» ж.б. менен өз ара биргелешип, электрондук капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу тобокелдигин жокко чыгаруу үчүн иденттелбөөчү төлөм тутумдары аркылуу төлөмдөргө байкоо уюштурулду жана жүргүзүлдү. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана укук коргоо органдарына жеткирилген маалымат бул иштин натыйжасы болду.

Шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөсүнөн түшкөн сумма, талапкерлерге кайтарып берилүүчү шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон сумма тууралуу маалыматтар БШКнын расмий сайтына жарыяланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылгандан кийин талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрү тууралуу маалыматтар БШКнын сайтына толук жарыяланат.

Мындан тышкары, КТТ 2020-жылдагы жана 2021-жылдагы КР ЖКга шайлоодогу шайлоо өнөктүктөрүн каржылоону салыштырмалуу талдоо жүргүздү. Жыйынтыктоочу талдоо төмөнкүнү көрсөттү: 2020-жылы 16 саясий партиянын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттардын суммасы 2021-жылы 21 саясий партиянын шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттардын суммасынан 2,5 эсе көп болгон, ал эми сарпталган каражаттардын суммасы тийиштүүлүгүнө жараша 2,7 эсе көп болгон (төмөнкү таблицаны караңыз).

Таблица. 2020-жылдагы жана 2021-жылдагы КР ЖКга шайлоодогу шайлоо өнөктүктөрүн каржылоону салыштырмалуу талдоо

Берененин аталышы

2020-жыл

2021-жыл

Айырма

Шайлоого катышкан саясий партиялардын саны

16

21

2020-жылга салыштырганда 2021-жылы 5ке көп

Шайлоо фонддоруна түштү

668 865 108,00

262 751 185,00

2020-жылы 2021-жылга салыштырганда 2,5 эсе көп

Шайлоо фонддорунан сарпталды

668 572 980,00

245 853 695,95

2020-жылы 2021-жылга салыштырганда 2,7 эсе көп

 

Шайлоо фонддорун түзүүнүн жана атайын эсептерди мыйзамдарда каралган жаңы ченемдери жана жол-жоболору шайлоо фонддорунун каражаттарын максатсыз пайдалануунун тобокелин минималдаштыргандыгын жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн шарттарды теңештиргендигин талдоо көрсөттү. Иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр келишимдик негизде жана накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат. Ал эми “Финансылык ачык-айкындуулук” (ФА АМТ) автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу БШКга киргизилген шайлоо процессинин каржылык айкындуулугунун стандарты ар бир шайлоочу үчүн талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоосу боюнча маалыматтардын ачык-айкын булагы болуп саналат.

Маалымат үчүн. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобого, шайлоо өнөктүктөрүн каржылоонун айкындуулугу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн ачык-айкындуулугу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун шайлоочуларга маалымдап турат.

Төмөнкү маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш:

1) Банк же башка мекеме тарабынан берилүүчү талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен. Көсөтүлүүчү маалыматтвн форматы кайрымдуулук кылуучулардын акча каражаттарынын келип түшүшү (түшкөн датасы, юридикалык жактардын аталышы/жеке адамдын ФАА, кайрымдуулуктун түрү жана суммасы) жана каражаттарды сарптоо (сарптоо датасы, юридикалык жактардын аталышы/жеке адамдын ФАА, төлөмдүн багыты жана суммасы) боюнча маалыматтарды камтыйт;

2) Шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо жөнүндө талапкердин, саясий партиянын каржылык отчеттору (биринчи, экинчи, жыйынтык);

3) Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы жана талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилген шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана бюджетке которулган сумма жөнүндө маалымат”.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25-Сен, 2026

Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарыншайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынынконституциялык Мыйзамына ченемдик базаны шайкешкелтирүүнүн алкагында, шайлоо участокторунда эреже катары              4000ден ашпаган шайлоочу түзүлөрүбелгиленгенине байланыштуу, Борбордук шайлоокомиссиясы шайлоо участокторунун чек араларыноптималдаштыруу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө.Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясыазыркы этапта шайлоо участкаларын массалык түрдөирилештирүү жүргүзүлбөй тургандыгын баса белгилейт. Борбордук шайлоо комиссиясынын башкы артыкчылыгышайлоочулар үчүн жеткиликтүүлүктү, мурдагыдай эле маршруттарды жана максималдуу ыңгайлуулукту камсызкылуу багыты кала берет.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген “Шайлооокругдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жаначек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону” конституциялык Мыйзамга шайкеш келтирүү укуктукалкакты белгилейт жана жарандардын укуктарын, алардынкоопсуздугун коргоо үчүн зарыл болгон айрым, негиздүүучурларда гана участокторду бириктирүүгө мүмкүнчүлүкберет.Эгерде, иштеп жаткан шайлоо участогунун имараты авариялык абалда, сейсмикалык жактан кооптуу же массалык иш-чараларды өткөрүүгө жараксыз деп табылып, КР ӨКМнин жана тармактык кызматтардын корутундулары бар болсо, ошондой эле жакын жерде кезектерди жаратпастан чектеш участоктордун тургундарын кенен батыра турган имарат (мисалы, жаңы мектеп) болгон учурларда жана ушул сыяктуу башка негиздүү учурларда гана бириктирүүгө жол берилет.Жалпысынан шайлоо участокторунун басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн мурдагы чек араларын, даректерин жана добуш берүүчү көнүмүш орундарын сактап калат. Муну менен катар административдик-аймактык реформанын (ААР) жүрүшүндө шайлоо участоктору жайгашкан көчөлөрдүн аталыштары, имараттардын номерлери же объекттердин аталыштары өзгөрүшү мүмкүн экендигин эске алуу зарыл. Шайлоо участокторунун аталыштарын жана иш жүзүндөгү жайгашкан жерин тактоо, шайкеш келтирүү боюнча иштер азыркы тапта улантылууда.Шайлоо участокторунун чек аралары жана даректери жөнүндөгү бардык актуалдуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында үзгүлтүксүз жаңыртылып, жарыяланып турат.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!Урматтуу шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо процессинин катышуучулары!Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:Президентти кезектеги шайлоо Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына (шаршемби) дайындалды.Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!Жалпы шайлоо укугунун принциптерине ылайык, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого  жана добуш берүүгө катышууга укуктуу.Шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары тышкы иштер маселелерин тескеген мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылынат. Шайлоо күнү активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.Эгерде Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, ошондой эле биометрикалык каттоодон өтпөсөңүз, Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) биометрикалык каттоодон өтүп, паспорттук маалыматтарыңызды жаңыртсаңыз болот.Добуш берүү күнүнө 80 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-ноябрына чейин, www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында шайлоочулардын алдын ала тизмеси жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактай аласыз.Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси тиешелүү шайлоо участкаларында 2026-жылдын 18-ноябрына чейин илинет.Кандайдыр бир ката же так эместик табылган учурда, Сиз 2026-жылдын 18-ноябрынан 2027-жылдын 12-январына чейин мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу электрондук форматта арыз берүүгө укуктуусуз.Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялардын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөн адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.Президенттин кызмат ордуна талапкер мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык «Ортодон жогору» деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.Конституциялык Мыйзамга ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрына чейин аяктайт.Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу жарандарга өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди саясий партия тарабынан көрсөтүү анын уставында каралган тартипте жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.Талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечиминин протоколу Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө арыз тиркелүү менен талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына машинада окулуучу түрдө берилет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.Талапкерлигин коюуга каалоосун билдирген жаран же Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн саясий партия документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фондун түзөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш, мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашпоого тийиш. Президенттикке талапкерлерди колдогон колдорду чогултуу талапкерлер көрсөтүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Конституциялык Мыйзамга ылайык, кол чогултуунун тартиби жана кол коюу барагынын таризи Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Тутум шайлоочуну авторизациялоо жана ал тарабынан тандалган талапкерди колдоосун билдирүү жолу менен «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун электрондук түрдө чогултууну камсыз кылат, ошондой эле талапкерлерге жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.Президенттикке талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 8-декабрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен 10 күндүк мөөнөттө колдордун аныктыгын текшерет. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.Каттоо үчүн Президенттин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-декабрына чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиядан талапкерлигин коюуга макулдугу жөнүндө жарандын арызы (саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер берет);2. Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниетин билдирген жарандын арызы;3. Эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн (талапкердин шайлоо фондунан) төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин түп нускасы;4.  Саясий партиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);5. Саясий партиянын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);6. Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (саясий партия көрсөткөн талапкер тарабынан берилет);7.   Улуттук паспорттун типтеринин биринин көчүрмөсү;8.    Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук;9.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтар;10. Башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө декларация; 11. Диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларация; 12.  Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет мамлекетте соттуулугу, реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган кылмыш иши бар же жок экендиги жөнүндө декларация;13.  Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилген мамлекеттик тилди билүү деңгээли “Ортодон жогору” деңгээлинен төмөн эмес экендиги тууралуу сертификат;14.  Талапкердин иштеген жеринен маалымкат. Анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу же токтото туруу жөнүндө тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып берилет);15.  Мамлекеттик жана расмий тилдерде биографиялык маалыматтары камтылган талапкердин анкетасы; 16. Талапкердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайлоо алдындагы программасы.Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин текшерет жана талапкерди каттайт же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.Мында, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде аны каттоого тоскоолдук кылган ылайык эместиктерди тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерге табылган ылайык эместиктер жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 35 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 23-декабрына чейин аяктайт.Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөндөн кийин 2 календардык күндүн ичинде Президенттин кызмат ордуна талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү күбөлүгүн берет.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөнкү адамдар шайланууга укуксуз:1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.Конституциялык Мыйзамга ылайык талаптарды аткарбаган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарта алат.Каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;4) конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;5) шайлоо төгүмүн төккөндүгүн ырастоочу банктык документтин (түп нускасынын) жоктугу;6) конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу;7) эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же турган болсо.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо жарандарга жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы атайын семинарларды уюштурат:- Президенттин кызмат ордуна талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоого катышууга байланышкан маселелер боюнча -  Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жол-жоболору, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелери, шайлоо талаш-тартыштарын чечүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууга байланышкан башка маселелер боюнча;- Президенттин кызмат ордуна талапкерлер же алардын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн - шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо маселелери боюнча.Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!Сиздер менен биргелешкен ишибиздин негизги принциптери мыйзамдуулук, ачыктык, коллегиалдуулук, айкындуулук, адилеттүүлүк, маалымдуулук жана калыстык болуп саналат. Биздин иш-аракеттерибизден калктын бүтүндөй шайлоо процессине болгон ишениминин деңгээли олуттуу даражада көз каранды болот. Мекенге болгон сүйүү, жарандык парзды жогорку деңгээлде сезүү жана коом алдындагы жоопкерчилик бизге мыйзамдуу, айкын жана ишенимдүү демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз!Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү!Конституциялык Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу жарандарды кабарландырууну жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт, алардын максаты жарандардын аң-сезимдүү жана эркин эрк билдирүүсүн жана шайлоонун айкын өтүшүн камсыз кылуу болуп саналат. Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтүүгө тийиш.Санариптик сервистердин киргизилишине байланыштуу аккредитациядан өтүү жөнүндө арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий порталында жайгаштырылган тиешелүү сервис аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат.Эфир убактысын, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун берүүнүн акысынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш. Мында телеберүү же басылма аянт үчүн акынын өлчөмү бардык партиялар үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.Жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы алардын аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт, башкача айтканда, 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январындагы саат 08:00гө чейин жүргүзүлөт.Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтпөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери болбогон шартта шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышууга укуктуу.Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышууга;шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга; шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;шайлоого даярдык көрүү мезгилинде фото- жана видео тартууну, ал эми добуш берүү күнү – шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерден жүргүзүүгө;шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, ошондой эле өзү өкүлү болгон уюмдун аталышы көрсөтүлгөн төш белгилерди тагынып жүрүүгө.Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык кампанияга активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана эрежелери, шайлоого катышкан талапкерлер, шайлоо комиссияларынын иши жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.www.shailoo.gov.kg – Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты.www.tizme.gov.kg - шайлоочулардын тизмесинин порталы.
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25-Сен, 2026

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгына кол койду (мындан ары – Жарлык).Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө, ошондой эле административдик ресурстардын айрым шайлоо процессинин катышуучуларынын кызыкчылыгында пайдаланылышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат.Тактап айтканда, билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, калкка кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат.Министрлер Кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, ошондой эле кызматтык же башка кызмат абалынан пайдаланып кандайдыр бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук караштуулуктагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан токтоосуз бошотуу тапшырмасы коюлган.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү сунушталат.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу боюнча чаралар каралган. 
Кененирээк билүү >>
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25-Сен, 2026

«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды

Бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” менен “АБанк” ачык акционердик коомдорун аныктады.Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилди.“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык, өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер жана талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өзүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү.Шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар атайын эсепке которулат. Бул эсеп талапкер тарабынан КР БШК аныктаган банктарда ачылат. Талапкердин шайлоо фонду мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкү булактардан түзүлүшү мүмкүн:– талапкердин, саясий партиянын өздүк каражаттары;– жарандар жана юридикалык жактар берген ыктыярдуу кайрымдуулук салымдары (тыюу салынган салымдардан тышкары).Шайлоо фондуна каражаттарды киргизүү талапкердин эсептик эсеби аркылуу, банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай эмес төлөм жолу менен же банктын эсеп-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай акча түрүндө жүргүзүлөт.Анонимдүү салым катары таанылбаш үчүн аныкталбай турган төлөм системалары аркылуу накталай эмес которууга, же накталай акча киргизүүгө тыюу салынат.Шайлоо фонддорундагы каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аларды шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн гана колдонууга болот.Атайын эсептерди ачуу, шайлоо фонддорун түзүү жана каражаттарды пайдалануу тартиби тууралуу кененирээк маалымат КР БШКнын расмий сайтында www.shailoo.gov.kg, “ЧУА БШК / “БШКнын жоболору” бөлүмүндө жайгашкан “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби” жөнүндө жобосунда берилген..
Кененирээк билүү >>