Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына ырастама жана төш белги тапшыруу аземи болуп өттү

29 декабря 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Уюштуруу комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К. Шайлдабекова 2021-жылы 29-декабрда Жогорку Кеңештин имаратында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №838, 2021-жылдын 28-декабрындагы №844 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин катталган 87 депутатына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди салтанаттуу кырдаалда тапшырды.

Тапшыруудан кийин Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ант берүү салтанаттуу аземи болуп өттү.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү