БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

28 декабря 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын  28-декабрындагы жыйналышында Ош, Базар-Коргон жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Каза болгондугуна байланыштуу “Ата-Журт Кыргызстан депутаттык фракциясынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Мойдунов Абдукахардын (№8) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Тиленбаев Туралы Абдыкадыровичке (№ 16, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Зайналиев Нуржигит Койчубековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Кадыр уулу Тыныбекке өткөрүп берилди.

Ош шаардык кеңешинин депутатынын мандаты жеке ишкер Иминджанов Алмазбек Шокировичке (№23, “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү