Башкы Жаңылыктар Кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо …

Кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүлөт

09-Дек, 2021

БШК 2021-жылы 9-декабрда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүү жөнүндө” чечим кабыл алды.

Шайлоочулардын добуштарын кайра саноо графикке ылайык өткөрүлмөкчү.

Шайлоочулардын добуштарын кайра саноого саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.

Кээ бир шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноо өткөрүү графиги

№

Шайлоо округунун №у жана аталышы

Округдук шайлоо комиссияларынын даректери

Кайра саноо өткөрүү датасы жана убактысы

Ош облусу

  1.  

№4 Көк- Жар округу

Ноокат ш., Ленин көч., Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын имараты

10.12.21-ж.

 11.00дө

  1.  

№5 Ноокат округу

Ноокат ш., Ленин көч.,Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын имараты

  1.  

№6 Араван округу

Араван району, Араван айылы, Ленин көч., № 1, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын имараты

11.12.21-ж.

 10.00дө

  1.  

№7 Ош округу

Ош ш., Ленин көч., 221, мэриянын имараты,

11.12.21-ж.

 10.00дө

  1.  

№8 Төлөйкөн округу

Кара-Суу ш, Ж.Аматов көч., 2, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын имараты  

10.12.21-ж.

 18.00дө

Жалал-Абад облусу

  1.  

№14 Жалал-Абад округу

Жалал-Абад ш., Ж.Бакиев көч., 38, мэриянын имараты

11.12.21-ж.

 10.00 дө

  1.  

№13 Сузак округу

Сузак р-ну, Сузак айылы, Дакан-Палван көч., №8, Маданият үйүнүн имараты

11.12.21-ж.

14.00дө

  1.  

№19 Токтогул округу

Токтогул р-ну, Токтогул ш., А. Сүйөркулов көч.,  №1, райондун мамлекеттик администрациясынын имараты

10.12.21-ж.

14.00дө

Талас облусу

  1.  

№20 Манас округу

Кызыл-Адыр айылы, Ч.Айтматов көч., 7, Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын имараты

10.12.21-ж.

 14.00дө

  1.  

№21 Талас округу

Талас ш., К. Нуржанов көч., 18, Талас шаарынын мэриясынын имараты

11.12.21-ж.

10.00 дө

Чүй облусу

  1.  

№30 Ысык-Ата округу

Кант ш., Абдраимов көч., 78, райондун мамлекеттик администрациясынын имараты

10.12.21-ж.

11:00дө

 

Нарын облусу

  1.  

№32 Кочкор округу

Жумгал айылы, Э. Матыев көч., 125, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын имараты

10.12.21-ж.

14:00

Ысык- Көл облусу

  1.  

№36 Ысык- Көл округу

Чолпон-Ата ш., Совет көч., 1, райондун мамлекеттик администрациясынын имараты

10.12.21-ж.

10:00

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>