Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы аныкталды
05 декабря 2021
2021-жылдын 28-ноябрында Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кара-суу шаарындагы шайлоочулардын жалпы саны 12 265 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны – 3 657 , бул 29,82 %ды түздү.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кара-Суу шаарынын аймагында 6 шайлоо участогу түзүлгөн.
2021-жылдын 28-октябрындагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталган.
2021-жылдын 4-декабрында Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасын аныктады. 35 талапкер катталган. Кара-Суу шаардык кеӊешинде – 31 мандат.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо катталган эки партия тең 7%дык тоскоолдуктан өттү:
№ |
с/п аталышы |
Добуштардын саны |
% |
1 |
«Биздин Кыргызстан» |
2102 |
57,48 |
2 |
«Эл Үмүтү» |
1110 |
30,35 |
Саясий партиялар арасында мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- «Биздин Кыргызстан» - 20 мандат;
- «Эл Үмүтү» - 11 мандат;
Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү