Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы аныкталды
03 декабря 2021
2021-жылдын 28-ноябрында Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кербен шаарындагы шайлоочулардын жалпы саны 17389 адамды түздү, алардын ичинен шайлоого катышкандардын саны – 6765, бул 38,9%ды түздү.
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кербен шаарынын аймагында 10 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
2021-жылдын 5-ноябрында Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 8 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси катталган. Кербен шаардык кеӊешинде – 31 мандат.
Аксы АШКсында добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
№ |
С/п аталышы |
с/пга берилген добуштар |
Берилген добуштардын %ы |
1 |
“Ишеним” |
1090 |
16,38 |
2 |
“Республика” |
356 |
5,35 |
3 |
“Ата-Журт Кыргызстан” |
1478 |
22,22 |
4 |
“Ынтымак” |
1273 |
19,13 |
5 |
“Өнүгүү-Прогресс” |
527 |
7,92 |
6 |
“Бүтүн Кыргызстан” |
1094 |
16,44 |
7 |
“Эмгек” |
375 |
5,64 |
8 |
“Альянс” |
368 |
5,53 |
9 |
Баарына каршы |
92 |
1,38 |
2021-жылдын 3-декабрында Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктады.
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоодо 7%дык тоскоолдуктан катталган 5 партия өттү:
№ |
С/п аталышы |
С/га берилген добуштар |
Берилген добуштардын %ы |
1 |
“Ишеним” |
1090 |
16,38 |
2 |
“Ата-Журт Кыргызстан” |
1478 |
22,22 |
3 |
“Ынтымак” |
1273 |
19,13 |
4 |
“Өнүгүү-Прогресс” |
527 |
7,92 |
5 |
“Бүтүн Кыргызстан” |
1094 |
16,44 |
Саясий партиялар арасында мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
- «Ишеним» - 6 мандат;
- «Ата-Журт Кыргызстан» - 9 мандат;
- «Ынтымак» - 7 мандат;
- «Өнүгүү-Прогресс» - 3 мандат;
- «Бүтүн Кыргызстан» - 6 мандат.
Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү