Башкы Жаңылыктар ЕККУ ДИАУБ Миссиясы: Шайлоо БШК тарабынан мыкты уюштурулду

ЕККУ ДИАУБ Миссиясы: Шайлоо БШК тарабынан мыкты уюштурулду

30-Ноя, 2021

ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын алдын ала жыйынтыктар жана корутундулар тууралуу билдирүүсү 

Миссиянын жетекчиси – Дам Одри Гловер

28-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоолор атаандаштыктын негизинде болду, бирок конституциялык өзгөрүүлөр парламентти алсыратты, шайлоонун түйүндүү аспектилеринде мыйзамдагы кийинки кеӊири өзгөрүүлөр, басмырланган өнөктүк жана жалпы шайлоочулардын иренжүүсү конструктивдүү катышууга тоскоолдуктарды жаратты. Жаӊы мыйзамдар демократиялык шайлоолор үчүн жетишерлик деӊгээлде негизди камсыздайт, бирок жалпы укуктук база жарандардын жана саясий укуктардын чектелиши, ошондой эле бийликти бөлүштүрүүнүн азайышы жана сот бийлигинин көз карандысыздыгы натыйжасында бузулууларга дуушар болууда.    

Өнөктүк учурунда, жалпысынан, негизги эркиндиктер сакталды жана бийлик таза шайлоо өткөрүүнү камсыздоо үчүн саясий эркти көрсөтө алды, бирок кийинки чараларды так аткаруунун натыйжасында талапкерлер шайлоо алдындагы өнөктүктү кооптонуу менен өткөрө баштады.  Шайлоочуларда саясий варианттарды кеӊири тандоо мүмкүнчүлүгү бар эле, ал эми шайлоонун техникалык аспектиси шайлоо администрациясы тарабынан натыйжалуу чечилип жатты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын  басымдуу көпчүлүгү талапкерлердин ишмердигин жарыкка чыгарууну анчейин каалашкан жок, ошол эле учурда, мында президент менен бийликтин күнүмдүк иштери кеӊири чагылдырылып жатты, бул шайлоочулардын аӊ-сезимдүү тандоо жасоо мүмкүнчүлүгүн чектеди. Шайлоо күнү тынч өткөнү менен добуш берүү байкоого алынган шайлоо участкаларынын басымдуу көпчүлүгүндө жакшы уюштурулган, добуштарды саноодо жана жыйынтыктарды чыгаруунун алгачкы этаптарында жол-жоболук олуттуу көйгөйлөр байкалып турган. 

Миссия шайлоо БШК тарабынан жакшы уюштурулганын, ал эми төмөнкү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн уюштурулган тренингдер жалпысынан, практикалык жана интерактивдүү болгондугуна байкоо жүргүзүлдү деп белгиледи. ОШК мүчөлөрү өзүнүн ролу жана милдеттери тууралуу жакшы маалымат алышты, бирок ДИАУБ ШБМ байкоочулары ОШК жыйындары мыйзам талап кылгандай байма-бай өткөрүлбөгөндүгүн белгилеп кетишти. Жаӊы шайлоо тутуму менен байланышкан татаалдыктарды чечүү үчүн БШК кызыкдар тараптардын кеӊири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык өнөктүктү баштады, бирок ал бүткүл өлкө боюнча бирдей өткөн жок.    

Алдын ала билдирүүдө жаӊы шайлоо тутумунун жана бюллетендердин татаалдыгын эске алуу менен, БШК комплекстүү маалыматтык өнөктүктү өткөрдү. Ал тренингдер, семинарлар, жарнамалык щиттер, плакаттар, медиаплатформаларда жана мамлекеттик телеканалдарда түшүндүрүүчү видеороликтер, ошондой эле жаӊсоо тилиндеги материалдар аркылуу жүргүзүлдү. Бирок ДИАУБ ШБМ аймактардагы шайлоочулар үчүн маалыматтын көлөмү айырмаланып тураарын айтты. 

Шайлоо алдындагы үгүт иштери, негизинен, тынч жана чыр-чатактарсыз, токтоо маанайда өттү. Бийликтин «таза» шайлоого чакырыгы жана президенттин 1-ноябрдагы указы, катуу талаптар, анын ичинде ГКНБнын катышуусу, шайлоонун катышуучуларын шайлоого кылдаттык менен мамиле жасоого түрттү жана өнөктүктү тартипке чакырды. Бул шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу мыйзам бузуулардын токтотулушуна алып келди.   

Мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан каржылануучу жалпыга маалымдоо каражаттары катталган партияларга (жалпы улуттук берүү) жана ОШКдан айрым талапкерлерге (аймактык берүүлөр) акысыз эфир убактысы берилди. Эки жалпы улуттук телеканал, анын ичинде кеӊири таанылган КТРК, аймактарда жайгашкан сегиз канал БШК тарабынан жүргүзүлгөн лоторея аркылуу акысыз эфир убактысын бөлүп берди (бул, негизинен, жеке билдирүүлөрдөн жана дебаттардан турду).  Жалпы жонунан 243 ММК, негизинен, онлайн аккредитациялангандан өткөндүгүнө карабастан, акы төлөнүүчү жарнама үчүн убакыт жана жай берүү үчүн БШК тарабынан  бир нече партия жана талапкерлер гана бул мүмкүнчүлүктөн пайдалангандыгын (мамлекет тарабынан каржылануучу КТРК  жана жеке 7-Канал да аларды жаӊылыктар программасынын алкагында гана көрсөтүшкөн) ДИАУБ ШБМ аныктады. Мунун ордуна алар өнөктүктү ар кыл соцтармактарда өткөрүүнү чечишкен.    

БШК акыркы 5 жуманын ичинде өзүнүн 30 жолу өткөн ачык жыйынында 142 даттанууну карады. Даттануулардын басымдуу көпчүлүгү шайлоо өнөктүгүн өткөрүү эрежелеринин бузулушуна, анын ичинде, добуш сатып алууга 42 даттануу жана 31 – административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу.   Даттанууларды кароо боюнча БШК жыйындары коллегиялык болуп, катышуучулар маселелерди талкуулап, өз сунуштарын добушка коюшту.    

БШКдагы даттанууларды талкуулоо коомчулук жана ММКлар үчүн ачык болду жана бардык арыз берүүчүлөр жана башка тараптар өз дооматтарын айтууга мүмкүнчүлүккө ээ болушту. БШК мүчөлөрү даттануулар менен талкууга чейин тааныша алышты. Ошону менен бирге эле, БШК тарабынан «шайлоо өнөктүгүнө» берген түшүндүрмөсүнө кээде өтө кеӊири мамиле жасалып, ал эми айрым учурларда шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө өтө тар аныктама берилүү менен, ой-пикирди эркин билдирүүгө дайыма эле өбөлгө түзө алган жок. БШК шайлоо өнөктүгүн өткөрүүдө мыйзам бузуулар үчүн 22 жазуу түрүндө эскертүү берди жана 29 айып пул салды, анын ичинде эӊ алгачкы үгүт иштери да бар. БШК өзүнүн веб-сайтында даттануулардын онлайн-реестрин жүргүздү, бул шайлоо талаш-тартыштарын кароодо ачык-айкындуулуктун болуусуна шарт түздү. Шайлоо күнүнө чейин реестрге 179 даттануу кирген. 

Бирок ДИАУБ ШБМ айрым учурларда даттануулар БШК тарабынан реестрге учурунда киргизилбегендигин, ал эми БШК аларды абдан кечиктирип карагандыгын белгилеп кетти. БШК даттанууларды кароо мөөнөтү укук коргоо органдарынын жообу кечиктирилгендигине байланыштуу гана жылды деп айтканына карата ДИАУБ ШБМ даттанууларды кароонун кечиктирилиши дайыма эле укук коргоо органдарынын аракетсиздигине байланыштуу болбогондугун белгиледи. Ал эле эмес, даттануулар боюнча БШК чечимдеринин басымдуу бөлүгү жарыкка чыгаруунун 24 сааттык мөөнөтү тууралуу мыйзамдын талаптарына карабастан, веб-сайтка чыккан эмес. 

Шайлоо күнү тынч өттү, шайлоочулардын келүүсү БШКнын билдирүүсү боюнча 34,6%ды түздү. БШК өз сайтында добуш берүү айктагандан кийин бир азда ар бир жарыш үчүн шайлоо участкалары боюнча алдын ала жыйынтыктарды өзүнүн веб-сайтында жайгаштыра баштады.  Бирок БШК алдын ала натыйжалар менен веб-баракчасын, алар билдиргендей, техникалык маселелерге байланыштуу кыска мөөнөттөгү убакытка өчүрүп салды. 

Шайлоо участкаларынын ачылышы боюнча 4 участкадан тышкары, байкоого алынган бардык 139 участокто оӊ баага ээ болду. Айрым жол-жоболук каталарга жол берилди, алсак, УШК мүчөлөрүнүн арасында аларга милдеттерди бөлүштүрүү үчүн чүчү кулак жүргүзүлбөгөндүгү (22 учур) жана мобилдик добуш берүүнүн жардамы менен добуш берген шайлоочулардын шайлоочулардын тизмесинде белгиленбей калышы (12 учур). 24 учурда УШК бюллетендерди сканерин тууралоодо кыйынчылыктарга туш болду.  

ШБЖЭМ байкоочулары ошондой эле 44 шайлоо участкасынын ачылышы 15 мүнөткө чейин кечиктирилгендиги тууралуу билдиришти. ШБЭМ байкоочулары добуш берүү процессине 1054 байкоочудан 96%ы оӊ баа берди. Жол-жоболор, негизинен шайлоо участкаларынын басымдуу көпчүлүгүндө сакталды, бирок байкоо жүргүзүүнүн 16%ында добуш берүүчү урналар тийиштүү деӊгээлде чапталган эмес. Байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында шайлоо участкаларынын 95 пайызынын планировкасы добуш берүү үчүн жетиштүү болгон, ал эми 10 пайыз учурда, негизинен, шайлоо участкаларынын ички мейкиндиги чектелүү болгондугуна байланыштуу шайлоо участкаларында адамдар ашыкча болгондугу тууралуу айтылды. Байкоого алынган 40%дай шайлоо участкаларына мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кирүүсүнө шарттар түзүлгөн эмес, ал эми 20 пайызында мындай шайлоочулар үчүн жабдуулар планировкага кирген эмес.   

БШК шайлоо күнү келип түшкөн 45 даттануу тууралуу маалыматты жарыялады. Болжолдуу, мыйзам бузуулар, негизинен жол-жоболордун сакталбагандыгына, бюллетендердин сканеринин бузулгандыгына жана шайлоо күнү үгүт иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу болгон. Башка даттануулар шайлоодо унчукпоо режиминин бузулушуна, шайлоочуларды которуу жана добуштарды сатып алуунун болушу сыяктуу учурларга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнө тиешелүү болду.  БШК маалыматтарына ылайык, шайлоодо бузуулар тууралуу тастыктоолор БШКнын Ыкчам чара көрүү тобу аркылуу укук коргоо органдарына берилди.   

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>