Башкы Жаңылыктар КМШ байкоочуларынын миссиясы: Шайлоо эркин, ачык-айкын болду

КМШ байкоочуларынын миссиясы: Шайлоо эркин, ачык-айкын болду

30-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын билдирүүсү

Миссиянын башчысы – В.П. Волков, “Эркин шайлоо” Россия фондусунун кеңешинин төрагасы.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясы 8-ноябрдан тартып 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырды.

Миссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерди жетекчиликке алып, шайлоо процессинин жүрүшүнө жана мамлекеттин ички иштерине кийлигишпестен, эркин жана көз карандысыз иш жүргүздү.

Миссиянын курамында Азербайджан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандынын, Өзбекстан Республикасынын, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын, Беларусь жана Россия Бирлигинин парламенттик жыйынынын, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетинин өкүлдөрү болуп саналган 190 байкоочу аккредитациядан өткөрүлдү.

Алардын ишин Миссиянын Бишкек шаарында жайгашкан штабы координациялады.

Миссиянын өкүлдөрү шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен талкуулашты. Байкоочулар депутаттыкка талапкерлер, шайлоого катышкан бир катар саясий партиялардын шайлоо штабдарынын жетекчилиги менен жолугушту.

Шайлоо  өнөктүктүнө байкоо жүргүзүү алкагында Миссиянын башчысы В.П. Волков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова, Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Кожошев, Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров, ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын башчысы О. Гловер, ШКУ Миссиясынын башчысы Е. Ашимов менен жолугушуу өткөрдү, Бишкек шаарынын шайлоо комиссияларынын иштери менен таанышты.

Миссиянын штабынын эксперттери жана КМШ ПААнын Демократия, парламентаризмди өнүктүрүүгө байкоо жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын сактоо эл аралык институту (ДӨБЭИ) Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына талдоо жүргүзүштү жана аларда жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, жалпы жана тең шайлоо укугунун, жашырын добуш берүүнүн негизинде көз карандысыз шайлоо органдары тарабынан уюштуруу  жөнүндө жоболор, шайлоо укуктарын коргоонун жана  шайлоо талаш-тартыштарын чечүүнүн механизмдери камтылганын белгилешет, бул эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жооп берет. Миссиянын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары эркин, ачык-айкын демократиялык шайлоолорду өткөрүүнү камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында Миссиянын өкүлдөрү Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында жайгашкан ОШК жана УШКлардын иштери менен таанышты. КМШ байкоочулары комиссияларга иштөө үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн, алар байланыш каражаттары, компьютерлер, укуктук жана усулдук адабият менен камсыздалганын белгилейт. УШК орун-жайларында шайлоого катышкан талапкерлер, саясий партиялар тууралуу маалыматтар, добуш берүү тартиби тууралуу инфограммалар, коронавирус инфекциясын жуктурууну болтурбай коюу боюнча сунуштар жайгаштырылган.

Миссия жыйналыштары YouTubeде реалдуу убакыт режиминде берилип, Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдуу жана ачык иштегенин белгиледи. Борбордук жана төмөн турган шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык талаптагыдай даярдоо жана өткөрүү үчүн керектүү чараларды көргөн.

Миссия депутаттыкка талапкерлерди жана талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо жол-жоболору Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн белгиледи. КМШ байкоочуларынын пикири боюнча, шайлоо өнөктүгүнө көп сандагы партиялардын жана талапкерлердин катышуусу шайлоочуларга добуш берүү күнү тандоого кеңири мүмкүнчүлүк берди.

Ошондой эле отчётто партиялар жана талапкерлер, шайлоо өнөктүгүнүн этаптары жана жүрүшү тууралуу зарыл бардык маалыматтарды алуу үчүн жарандарга мүмкүнчүлүк камсыздалгандыгы белгиленген. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана жарандарды көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдоо үчүн керектүү шарттар түзүлгөн, ал эми даттанууларды жана арыздарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылды.

КМШ байкоочулары өз отчётторунда көп эмес сандагы бузууларды белгиледи, Миссиянын пикири боюнча, ал бузуулар шайлоонун натыйжаларына таасир эте алмак эмес. Отчётто Борбордук, округдук жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо өнөктүгүн уюштуруучулук жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыздагандыгы айтылат.

Миссиянын тыянагы:

Шайлоо Конституцияга жана Конституциялык мыйзамга ылайык өткөрүлдү. Шайлоо альтернативалык негизде өттү, эркин, ачык-айкын болду, демократиялык шайлоолорду өткөрүүнүн жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жооп берет.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет
28-Окт, 2026

КР БШКсы жана Бишкек мэриясы жаштардын жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн аракеттерин бириктирет

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле мектеп президенттери менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.Иш-чарага Департаменттин директорунун орун басары Рустам Алишеров, уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Улукбек Муратбеков, Департаменттин алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештин төрагасы Данияр Бекишов, ошондой эле Бишкек шаарынын активисттери Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө жаш муундун жарандык активдүүлүгүн жана укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен Департаменттин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландары талкууланды.Бул меморандум жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө жана жарандык билим берүү, жаштар менен иштөө багыттарында мындан аркы биргелешкен кызматташтык үчүн укуктук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.Жолугушуунун катышуучулары биргелешкен аракеттер жаштарды коомдук-саясий турмушка тартуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жаштардын жарандык активдүү позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
28-Окт, 2026

Сыймык Жапыкеев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 28-октябрда, Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
27-Окт, 2026

Азамат Эсенбеков Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 27-октябрда, Эсенбеков Азамат Эсенбекович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>