Башкы Жаңылыктар Биринчилерден болуп Южно-Сахалинск шаарында шайлоо участкасы ачылды

Биринчилерден болуп Южно-Сахалинск шаарында шайлоо участкасы ачылды

28-Ноя, 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо 29 өлкөдө 59 шайлоо участкасы ачылды.   

Төмөнкү шаарларда биринчи жолу 10 шайлоо участкасы түзүлдү:  

  • Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.;
  • АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шш.;
  • Түркия – Анталья ш.;
  • Италия – Кальяри ш.;
  • Венгрия – Будапешт ш.

Бишкек убактысы боюнча биринчи болуп, саат 03.00дө Южно-Сахалинск шаарындагы КР Элчилигинин Канцеляриясында шайлоо участогу ачылды. Бишкек убактысы боюнча саат 20.00дө акыркы болуп Чикаго шаарындагы шайлоо участкасы ачылат. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү КР аймагынан тышкары түзүлгөн УШКлардын иштөө графиги 

№ к/н

 

КР чет өлкөлүк мекемелериндеги УШКлар

Чет өлкөлөрдөгү УШК ишинин башталышы, Бишкек убактысы боюнча 

Чет өлкөлөрдөгү УШК ишинин аякташы, Бишкек убактысы боюнча 

1.

9013

Южно-Сахалинск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы  

03.00.

15.00.

2.

9004

Владивосток ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы   

04.00.

16.00.

3.

9021

Хабаровск ш. шайлоо участкасы

04.00.

16.00.

4.

9006

Якутск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы  

05.00.

17.00.

5.

9019

Жапониядагы КР Элчилиги

05.00 .

17.00.

6.

9042

Кореядагы КР Элчилиги

05.00.

17.00.

7.

9007

Иркутск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы  

06.00.

18.00.

8.

9040

КЭРдеги КР Элчилиги

06.00.

18.00.

9.

9041

Гуанчжоу ш. КР Башкы элчилиги  

06.00.

18.00.

10.

9048

Малайзиядагы КР Элчилиги    

06.00.

18.00.

11.

9003

Красноярск ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы  

07.00.

19.00.

12.

9010

Новосибирск ш. КР Башкы элчилиги

07.00.

19.00.

13.

9020

Томск ш. шайлоо участкасы

07.00.

19.00.

14.

9018

Тюмень ш. шайлоо участкасы

07.00.

19.00.

15.

9027

Алматы ш. КР Башкы элчилиги

08.00.

20.00.

16.

9028

РК (Нур-Султан) КР Элчилиги

08.00.

20.00.

17.

9008

Индиядагы КР Элчилиги

08.30.

20.30.

18.

9009

Екатеринбург ш. КР Башкы элчилиги

09.00.

21.00.

19.

9011

Түркмөнстандагы КР Элчилиги

09.00.

21.00.

20.

9014

Сургут ш. КР Башкы элчилиги

09.00.

21.00.

21.

9024

Тажикстан Республикасындагы КР Элчилиги

09.00.

21.00.

22.

9025

Өзбекстан Республикасындагы КР Элчилиги

09.00.

21.00.

23.

9049

ПИРдеги КР Элчилиги

09.00.

21.00.

24.

9012

Азербайжандагы КР Элчилиги

10.00.

22.00.

25.

9044

Дубай ш. КР Башкы элчилиги

10.00.

22.00.

26.

9051

БАЭдеги (Абу-Даби) КР Элчилиги

10.00.

22.00.

27.

9052

Самара ш. шайлоо участкасы

10.00.

22.00.

28.

9043

Ирандагы КР Элчилиги

10.30.

22.30.

29.

9001

РФтеги (Москва) КР Элчилиги

11.00.

23.00.

30.

9005

РФтеги (Москва) КР Элчилиги

11.00.

23.00.

31.

9015

РФтеги (Москва) КР Элчилиги

11.00.

23.00.

32.

9016

РФтеги (Москва) КР Элчилиги

11.00.

23.00.

33.

9017

РФтеги (Москва) КР Элчилиги

11.00.

23.00.

34.

9059

РФтеги (Москва) КР Элчилиги

11.00.

23.00.

35.

9002

Санкт-Петербург ш. КР Элчилигинин Канцеляриясы

11.00.

23.00.

36.

9026

Казань ш. шайлоо участкасы

11.00.

23.00.

37.

9053

Краснодар ш. шайлоо участкасы

11.00.

23.00.

38.

9023

Беларусь Республикасындагы КР Элчилиги

11.00.

23.00.

39.

9035

Стамбул ш. КР Башкы элчилиги

11.00.

23.00.

40.

9036

Турциядагы (Анкара) КР Элчилиги

11.00.

23.00.

41.

9056

Анталья ш. шайлоо участкасы

11.00.

23.00.

42.

9045

САКтагы КР Элчилиги

11.00.

23.00.

43.

9046

Кувейттеги КР Элчилиги

11.00.

23.00.

44.

9050

Катардагы КР Элчилиги

11.00.

23.00.

45.

9022

Украинадагы КР Элчилиги

12.00.

00.00.

46.

9029

ГФРдеги (Берлин) КР Элчилиги

13.00.

01.00.

47.

9030

Франкфурт-на-Майне ш. КР Консулдук агенттиги 

13.00.

01.00.

48.

9031

Бонн ш. КР Элчилигинин бөлүмү

13.00.

01.00.

49.

9032

Австриядагы КР Элчилиги

13.00.

01.00.

50.

9033

Италиядагы КР Элчилиги

13.00.

01.00.

51.

9057

Кальяри ш. шайлоо участкасы

13.00.

01.00.

52.

9037

Бельгиядагы КР Элчилиги

13.00.

01.00.

53.

9039

Швейцариядагы КР Элчилиги

13.00.

01.00.

54.

9047

Франциядагы КР Элчилиги

13.00.

01.00.

55.

9058

Венгриядагы КР Элчилиги

13.00.

01.00.

56.

9038

Улуу Британиядагы КР Элчилиги

14.00.

02.00.

(ү.ж. 29-ноябры)

57.

9034

Вашингтон ш. КР АКШдагы Элчилиги

19.00.

07.00.

(ү.ж. 29-ноябры)

58.

9054

Нью-Йорк ш. КР БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү  

19.00.

07.00.

(ү.ж. 29-ноябры)

59.

9055

Чикаго ш. шайлоо участкасы

20.00.

08.00.

(ү.ж. 29-ноябры)

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>