Башкы Жаңылыктар Көзөмөлдөө-текшерүү тобу маалымдайт

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу маалымдайт

25-Ноя, 2021

БШК Көзөмөлдөө-текшерүү тобу (КТТ) шайлоо маалындагы жасалган иштери тууралуу маалымдайт. 

Конституциялык мыйзамдын 42-беренесине ылайык, Көзөмөлдөө-текшерүү тобу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун киреше жана чыгымдалган каражаттары тууралуу биринчи каржы отчетторун текшерүүдө, мыйзам ченине ылайык, аларды берүүнүн мөөнөтү 2021-жылдын 17-нобярында аяктаган (б.а. добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирилбестен). 

Натыйжада, биринчи каржы отчету төмөнкүлөр тарабынан берилген эмес: 

- «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынан - 1 (21 катталган, шайлоого катышуусун уланткан саясий партиянын ичинен);

- бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 23 талапкер (шайлоого катышууну уланткан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 287 талапкерден): 

 «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясы жана 23 талапкерге мыйзам чендерин бузгандыгы тууралуу кат жөнөтүлдү. 

Бардыгы болуп бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 22 саясий партия (1 шайлоого андан ары катышуудан баш тартты) жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан 321 талапкер (34 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты) шайлоо фонддорун түзгөн.  

2021-жылдын 240-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 208 418 372.50 сом келип түшкөн, анын ичинен 162 252 129,38 сом чыгымдалган; бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддоруна 240 585 745,00 сом келип түшкөн, 182 084 873,40 сом чыгымдалган.

2021-жылдагы КР ЖК шайлоолору менен салыштырмалуу 2020-жылдагы КР ЖК шайлоосундагы шайлоо өнөктүгүн каржылоого жүргүзүлгөн салыштырма иликтөө 16 саясий партиянын шайлоо фондуа келип түшкөн сумма 2021-жылдагы 21 саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттардын суммасынан 3,2 эсе көп экенин, ал эми чыгымдалган каражаттар 4,1 эсе жогору болгондугун көрсөттү (таблицадан караӊыз). 

Берененин аталышы

2020-жыл

2021-жыл

Айырма

Шайлоого катышкан саясий партиялардын саны 

16

21

2021-жылы 5ке көп

Шайлоо фондуна келип түштү

668 865 108,00

208 418 372,50

2020-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 3,2 эсеге көп   

Шайлоо фондунан чыгымдалды 

668 572 980,00

162 252 129,38

2020-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 4,1 эсеге көп   

Бул маалыматтар шайлоо фонддорун түзүүнүн жана атайын эсептерди жүргүзүүнүн мыйзамда каралган жаӊы чендери жана жол-жоболору шайлоо фонддорунун каражаттарын максатсыз пайдалануу кооптуулугун минималдаштырып, шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн шарттарды бирдей кылып койгондугун көрсөтүп турат. Талапкер, саясий партиялар менен жеке, юридикалык жактардын ортосундагы иштерди аткаруу/кызматтарды көрсөтүү үчүн эсептешүүлөрү келишимдик түрдө, нак эмес, которуу аркылуу жүргүзүлөт. Ошону менен бирге эле, «Каржылык ачык-айкындуулук» автоматтык маалыматтык тутум аркылуу (АМТ) БШКга киргизилген шайлоо процессинин каржылык ачык-айкындуулугунун стандарты жеке маалыматтарды жана банктык сырды коргоо жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын кирешеси жана чыгымдары тууралуу маалыматты майда-баратына чейин БШКнын расмий сайтында чагылдырууга мүмкүндүк берет. БШКнын аталган автоматташтырылган тутуму (АМТ) шайлоо фонддорунун эсебине ар бир акча каражатын жөнөтүүчүнү жана кабыл алуучуну идентификациялоого мүмкүндүк берет жана ар бир шайлоочу үчүн талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюча маалыматтын таза жана ачык булагы болуп эсептелет.   

Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
19-Окт, 2026

Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери

Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>