БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 3 арыз түштү

24 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында төмөнкү талапкерлердин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карады.

Ошентип, КР БШКга арыз бергендер:

- Борочоров Талантбек Айсаракунович, №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

-  Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович, №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

- Ибраимова Атыркуль Сыйдалиевна, №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү