БШК «Шайлоо БОТ» жана «Жаныран» долбоорлорун ишке киргизди

22 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бардык шайлоо процесстери тууралуу шайлоочуларды маалымдоо боюнча активдүү өнөктүктү жүзөгө ашырууда жана шайлоочуларды маалымдоо үчүн бардык чараларды көрүүдө. 

КР БШК Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ишмердигинин алкагында «Шайлоо БОТ» жана «Жаныран» эки долбоору ишке киришти.

1) Шайлоо-бот – Кыргызстандагы КР БШК Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун биринчи расмий Telegram-БОТу, ал шайлоо жана шайлоо процесстери тууралуу маалымдоону жакшыртуу үчүн негиз катары кызмат кылат. Ал төмөнкү учурларда жардамга келет:   

  • алдыда боло турган Жогорку Кеӊешке шайлоо тууралуу баарын билүүгө; 
  • шайлоо тутумундагы өзгөрүүлөр тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатууга; 
  • БШКнын актуалдуу жаӊылыктары менен таанышууга; 
  • укук маданиятын жогорулатууга. 

Шайлоо-бот Кыргыз Республикасындагы калктын бардык социалдык катмарларына жана курактык топторуна багытталган.   

Шайлоо-бот – атайын программаны жүктөөнүн же орнотуунун кереги жок. Ал «Telegram» тиркемесинин ар бир колдонуучусу үчүн жеткиликтүү. Шайлоо-ботко төмөнкү шилтеме аркылуу кирүүгө болот:  https://t.me/Shailoo_official_bot?start=ZGw6NTkzMjc

 

2) Жыл өткөн сайын жаш шайлоочулардын саны өсүүдө. Алдыда күтүлүүчү КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо 18 жашка толгон жана шайлоочулардын тизмесине кирген жаш шайлоочулардын саны 80 миӊ адамды түздү.    

«Жаныран» (Жаны жаран) долбоору – бул 18 жашка чыккан жаштардын арасында алардын шайлоого жана шайлоо процессине карата, шайлоого катышуунун жана аӊ-сезимдүү чечим кабыл алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу үчүн кеӊири масштабдуу маалыматтык өнөктүк.   

«Жаныран» - бул жаштарга КР БШК сайтына жана ачык маалыматтарына жөнөкөйлөтүлгөн формада кирүүгө жаштарга мүмкүндүк берүүчү интерактивдүү аянтча, «Тизме» жана «Талапкер» маалыматтык порталдарына, ошондой эле КР БШК башка маалыматтык ресурстарына түздөн-түз кирүү, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр ж.б. тууралуу маалымат алуу.

Кененирээк маалыматты www.janyran.kg сайтынан алууга болот.