Башкы Жаңылыктар КР БШК КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо …

КР БШК КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин аймактарга жана чет өлкөдөгү участокторго жөнөттү

21-Ноя, 2021

2021-жылдын 21-ноябрында «Учкун» ААКтын имаратында даярдалган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо бюллетендерин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендерди, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду. 

Даярдалган бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын округдук шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участкаларга жөнөтүлдү.   

Даярдалган бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу маалында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын  өкүлдөрү катышты.   

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо үчүн –  3 702 646 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2970157, орус тилинде  – 732489 бюллетень. Мындан тышкары, 2494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.   

Бишкек шаарына - 431 382, Жалал-Абад облусуна – 686 684, Ош облусуна – 900 536, Баткен облусуна – 305 666, Нарын облусуна – 209 073, Ысык-Көл облусуна – 316 828, Талас облусуна – 163 001, Чүй облусуна – 611 842 бюллетень, чет өлкөлүк участкаларга – 75 727 бюллетень жөнөтүлдү.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бардыгы болуп 3 625 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2928810, орус тилинде – 696467 бюллетень.  Мындан тышкары, 2435 бюллетень Брайль ариби менен дардалды. 

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарды шайлоо үчүн даярдалган шайлоо бюллетендери төмөндө таблицада көрсөтүлгөн санда округдук шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.  

№

Облустун, шаардын аталышы

Бир мандаттуу округдун номери жана аталышы   

ОШКга жөнөтүлгөн бюллетендердин саны   

1

Баткен облусу

№1 Лейлек ОШК

90202

№2 Баткен  ОШК

102273

№3 Кадамжай  ОШК

113381

2

Ош облусу

№4 Көк-Жар ОШК

80157

№5 Ноокат ОШК

82116

№6 Араван ОШК

91115

№7 Ош ОШК

111012

№8 Төлөйкөн ОШК

118779

№9 Кара-Суу ОШК

100625

№10 Куршаб ОШК

112389

№11 Алай ОШК

115212

№12 Өзгөн ОШК

89437

3

Жалал-Абад облусу

№13 Сузак ОШК

111702

№14 Жалал-Абад ОШК

106717

№15 Базар-Коргон ОШК

113223

№16 Ноокен ОШК

95308

№17 Аксы ОШК

79746

№18 Ала-Бука ОШК

80283

№ 19 Токтогул ОШК

100048

4

Талас облусу

№20 Манас ОШК

82792

№21Талас  ОШК

80298

5

Чүй облусу

№22 Жайыл ОШК

99889

№23 Москва ОШК

88101

№24 Сокулук ОШК

100176

№25 Аламүдүн ОШК

111511

№30 Ысык-Ата ОШК

96982

№31Чүй-Кемин ОШК

114962

6

Бишкек шаары

№26 Ленин ОШК

111563

 

№27 Биринчи май ОШК

109697

№28 Октябрь ОШК

105835

№29 Свердлов ОШК

103564

7

Нарын облусу

№32 Кочкор ОШК

104268

№33Нарын ОШК

104913

8

Ысык-Көл облусу

№34 Жети-Өгүз ОШК

108563

№35Ак-Суу ОШК

118708

№36 Ысык-Көл ОШК

89730

Кара-Суу жана Кербен шаардык кеӊештеринин, ошондой эле Кызыл-Өзгөрүш, Тогуз-Торо жана Терек-Сай айыл кеӊештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бардыгы болуп 41858 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде – 41358, орус тилинде – 500 бюллетень. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын шайлоого шайлоо бюллетенинде чүчү кулак менен аныкталган кезекте талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты жазылган. 

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого шайлоо бюллетени эки бөлүктөн турат. 

Биринчи бөлүгүндө саясий партиялардын аталыштары чүчү кулак менен аныкталган тартипте жайгаштырылат. Ар бир саясий партиянын оӊ жагында бош чарчы жайгашкан. Шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө сол жагындагы тышкы бөлүгүндө номерлери коюлган 54 бош чарчы жайгашкан. Бош чарчынын номери саясий партиянын талапкерлеринин каттоого алынган тизмесиндеги талапкердин номерине туура келет.   

КР «Кыргыз Республикасынын референдум жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан (практикада – 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашпаган) ашпашы керек. 

«Учкун» ААКта бюллетендерди бастыруу процессине курамы БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен турган жумушчу топ тарабынан тынымсыз (сутка бою) мониторинг жүргүзүлдү. «Учкун» ААКтын басма цехинде референдум жана жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бастырылып жаткан бюллетендерди тестирлөө үчүн жабдуулардын комплектиси орнотулган. Коопсуздукту УКМК жана ИИМ кызматкерлери камсыздады. 

Шайлоо бюллетени жана добуш берүү үчүн бюллетень жогорку деӊгээлдеги коргоого ээ, ага ар бир бюллетенди автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) таануусу үчүн атайын коргоочу боёк жалатылат. 

Үч шайлоо тутумун ажыратуу үчүн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бюллетендин капталдарында көгүш тилке кетет, ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюлеттень толугу менен ак, жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого бюллетендин капталдарында күлгүн тилке болот.   

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди округдук шайлоо комиссияларына акты боюнча өткөрүп берет.   

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү үчүн бюллетендер бардык коопсуздук чараларды камсыздоо менен атайын байланыш унаалары менен жөнөтүлөт. 

Жараксыздоо жол-жобосу жасалгандан кийин КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн жараксыз 696,500 килограмм бюллетень утилдештирилди.   

Маалымат иретинде: Жараксыздандыргандан кийин, басмакана бюллетендерди акт боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. КР БШКнын 3төн кем эмес мүчөсүнүн, саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бюллетендерди өткөрүп бергенден кийин, жараксыз деп эсептелген жана ашыкча бюллетендер жок кылынат, бул тууралуу акт түзүлүп, ага катышкандардын баары кол коюшат.   

Конституциялык мыйзамдын талаптарынын бузулбоосу үчүн басмаканадан, шайлоо комиссиялардын имаратынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрүүгө жана таркатууга тыюу салынат.   

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>