Башкы Жаңылыктар КР БШК 15 гезитке бардык 1 311 талапкер …

КР БШК 15 гезитке бардык 1 311 талапкер жана  шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалыматтарды жарыялады

21-Ноя, 2021

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык шайлоочуларга көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы финансылык отчеттору жөнүндө маалымдоону Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жоопкерчилигинин алкагында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин көрсөткөн талапкерлер жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө шайлоочуларга жалпы маалымдоону уюштурду.

Саясий партиялардан 1 015 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча 296 талапкер жөнүндө маалыматтар жарыяланды. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: фото сүрөт, программа, ураан, туулган датасы, иштеген жери жана ээлеген кызмат орду, штаб менен байланышуу жөнүндө маалымат.

Маалымат 150 миң нускадагы жалпы тираж менен 12 облустук гезитке жана “Эркин Тоо” гезитине жайгаштырылды. Шайлоочуларга санитардык ченемдер жөнүндө маалымат берилди.

КР БШКнын маалыматтык ресурсу –  https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary/ бөлүгүнөн талапкер жөнүндө маалыматты көрсө, талапкерлердин жана саясий партиялардын  программалары менен онлайн таанышса болот. Ресурста буга кошумча шайлоо фонддору  жөнүндө маалыматтар – кимден канча каражат түшкөнү, талапкер же партия канча каражатты эмнеге жумшаганы жөнүндө маалыматтар жайгаштырылды.

Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле гезиттердин атайын чыгарылыштарында, ошондой эле “Эркин Тоо”, “Для Вас” жана “Супер инфо” гезиттерине жаңы аралаш шайлоо тутуму, шайлоо участогунда добуш берүү жол-жобосу жана шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалыматтарды жарыялоону уюштурду.

Ошондой эле саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча 2 494 шайлоо участогунун ар бирине төрт плакаттан бөлүү эсеби менен 10 200 плакат жана 36 бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер боюнча 9 956 плакат мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалды.     

Добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келип, шайлоочу участоктордо илинген ушул плакаттар аркылуу талапкерлер менен таанышса болот.

Ар бир кабинада округ боюнча талапкердин бюллетендердеги номерин, партиянын номерин жана ар бир партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерди тактоо үчүн  талапкерлер жана партиялардын талапкерлеринин тизмелери тууралуу маалыматтар менен маалымдамалар коюлат.

Талапкерлердин телекөрсөтүүдөгү дебаттары жана жеке чыгып сүйлөгөн сөздөрү депутаттыкка талапкерлер тууралуу маалыматтардын маанилүү булагы болуп саналат. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин дебаттары жана жеке чыгып сүйлөгөн сөздөрү – облустук телеканалдарда, Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн 5-каналда өткөрүлөт.    Партиялардын ортосундагы дебаттар борбордук телекөрсөтүүдө – КТРК жана ЭлТР каналдарында өткөрүлөт. Дебаттардын графигин https://shailoo.gov.kg/kg/news/5882/ шилтемеси боюнча көрсө болот.

Шайлоо процессинин бардык этаптарынын эрежелери, добуш берүү, добуштарды саноо жол-жобосу же санитардык ченемдер жөнүндө маалыматттарды КР БШКнын төмөнкү Youtube-каналындагы видеороликтерди көрүп, алса болот:

https://www.youtube.com/c/%D0%A6%D0%B5%D0%BD%D1%82%D1%80%D0%B8%D0%B7%D0%B1%D0%B8%D1%80%D0%BA%D0%BE%D0%BC%D0%9A%D0%A0

Шайлоо-2021 Телеграм-каналы - https://t.me/Shailoo2020TsikKR

Facebook барагы - https://www.facebook.com/shailoo.kg

же Instagram бети - https://www.instagram.com/tsik_kyrgyzstan/

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>