Башкы Жаңылыктар БШК 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

БШК 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

18-Ноя, 2021

2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында түзүлүп шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарына ылайык добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда (2021-жылдын 21-ноябрында) шайлоочулардын биротоло тизмеси баардык шайлоо участокторунда илинет. Баардыгы 2494 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө жана – 2435 шайлоо участогу өлкө аймагында.

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун (3 606 201) катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын жалпы саны 97 219 шайлоочуга көбөйдү.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны – 3 703 420 шайлоочу, алардын ичинен чет өлкөдө катталган шайлоочулардын саны 84 128 шайлоочу. Үстүбүздөгү жылы 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 686 921) салыштырганда 16 499 шайлоочуга өстү.

Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны - 3 621 751 шайлоочу (чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын санын эсепке албаганда). 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын бир мандаттуу округдардагы шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 617 591) салыштырганда 1 701 шайлоочуга өстү (кенен маалымат “Тизме” - https://tizme.gov.kg/порталында).

Шайлоочулар өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесине киргендиги, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын номери жана дареги тууралуу маалыматты төмөнкү жолдор менен тактап алса болот:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • Өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>