Башкы Жаңылыктар КР БШК добуш берүү күнүнүн симуляциясын жүргүздү

КР БШК добуш берүү күнүнүн симуляциясын жүргүздү

19-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Новопокровка айылында добуш берүү күнүнүн симуляциясын уюштурду. 

Иш-чара өзүндө шайлоо процессинин толук циклин камтыды, бул 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө программалардын жана жабдуулардын даярдыгын тестирлөөгө мүмкүндүк берди. Иш-чаранын башында добуш берүү күнү сантирадык чендер (дене табын текшерүү, колду санитайзер менен чайкоо, ар бир шайлоочуга коргочу маска берүү) кантип сакталаары көрсөтүлдү.   

Ошондой эле ММК майыптыгы бар шайлоочуларга участокко келүүсүн камсыздоо (чакыруу үчүн кнопка, пандустар, шайлоо участкаларында маалыматтык стенддер коляскада отурган же өз алдынча кыймылдап жүрүүдө кыйынчылык туудурган шайлоочулар үчүн жеткиликтүү боло тургандай кылып жайгаштырылышы керек. Бардык УШКларда чоӊойтуучу айнектер (лупа) жана/же Брайль трафарети) үчүн КР БШК тарабынан кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын көрсөттү.  

Симуляция үчүн тандалып алынган участоктун мисалында шайлоочуларды маалымдоо кантип камсыздала тургандыгы көрсөтүлдү (аталган облуста бир мандаттуу округ боюнча көрсөтүлүп жаткан талапкер тууралуу гезиттерди таркатуу, маалымдоо плакаттарын жайгаштыруу, маалымат роликтерин көрсөтүү ж.б.). 

“БШК шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча АЭУ үчүн жаӊы программаны иштеп чыкты, ошондой эле борбордук серверге бардык участоктордун маалыматтарын чогултуу программасын жана маалыматтарды чагылдыруу программасын иштеп чыгуу да аяктады. Биз бүгүн аталган программаны тестирлеп жатканбыз.   

Добуш берүү күнүнө 10 күн калды, андыктан бүткүл республика боюнча участкалардан борбордук серверге сигналдардын келип түшүүсүн тестирлөө башталды. Тестирлөө бардыгы болуп 10 күн, б.а. добуш берүү күнүнө чейин жүргүзүлөт. 

БШК ошондой эле Кара-Суу шаарында да добуш берүү симуляциясын өткөрөт, ага катарлаш эле, шайлоо процессинин алкагында бардык техникалык каражаттарды колдонуунун киберкоопсуздугун камсыздоо программасы да тестирлөөдөн өткөрүлөт.  Кабыл алынган чаралар менен добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөгө жана сигналдын берилишинин коопсуздугу программасын, маалыматтардын жыйындысынын үзгүлтүксүз иштешин жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого болот деп ишенебиз”, - деп, КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова маалымат берди. 

Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочуларына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо процессинин этаптары – шайлоо участоктору ачылганга чейинки жол-жоболор, добуш берүүнү уюштуруу, шайлоо участокторунун жабылышы жана шайлоочулардын доубштарын саноо көрсөтүлдү. 

Биринчи этапта шайлоо участоктору ачылганга чейинки даярдыктар камтылган. УШК төрагасы чүчү кулак өткөрүп, ага ылайык добуш берүү күнү оператордун ишин көзөмөлгө ала турган жана алар менен бирге шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандардын өздүгүн биргелешип аныктай турган; шайлоочулардын кагаз түрүндөгү тизмесинде жарандарды каттоого алууну ишке ашыра турган; шайлоо бюллетендерин бере турган; шайлоочулардын жашыруун добуш берүүсү үчүн кабинага кирүүсүнө, добуш берүүчү үкөктөргө шайлоо бюллетендерин салуусун көзөмөлгө ала турган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аныкталды.   

Мындан соӊ аталган участоктогу шайлоочулардын тизмеси, шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча документтер жана шайлоочулардын электрондук тизмеси түшүрүлгөн жабдуу салынган УШКнын мөөрү басылып чапталган сейфи ачылды. УШК төрагасы аталган участок боюнча шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын санын жарыялады.   

Байкоочулар өз көзү менен көрүп, кагаз түрүндөгү жана электрондук тизмени салыштыра алышты. 

Бардык карап тургандарга добуш берүү үчүн бош үкөктөр (АЭУ) көрсөтүлдү, алар КР БШК мөөрү басылып пломбаланган. Ошондой эле текшерүүчү барактар да даярдалды, мында участоктун номери, бюллетень салган убактысы, УШК мүчөлөрүнүн аты-жөнү, катышкан талапкерлер, талапкерлердин жана партиялардын өкүлдөрү көрсөтүлгөн. Аталган адамдар текшерүүчү барактарга кол коюп, барактар УШК мөөрү менен тастыкталып, АЭУга салынат.   

Андан ары УШК төрагасы округдук шайлоо комиссиясынан алынган бюллетендердин санын жана жайдан тышкары добуш берүү үчүн алардын канчасы берилгенин жарыялады. Бюллетендер саналып, жарыяланды, байкоочулар аларды өз көзү менен көрө алышты. Бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго жана анын чоӊойтулган формасына киргизилди, ведомость боюнча ар бир УШК мүчөсүнө 100 даанадан берилди. 

Добуш берүүгө катышкан шайлоочуларга 2ден шайлоо бюллетени берилди. Бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинде: 

  • талапкерге тиешелүү чарчыга; 
  • же «Баарына каршы» позицияга белги коет.

Бирдиктүү округ боюнча депутаттарды шайлоодо шайлоочу: 

  • шайлоо бюллетенинин бир бөлүгүндө саясий партияга тиешелүү бир чарчысына; 
  • шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө талапкердин катар номерине тиешелүү бир чарчыга; 
  • эгер өз тандоосун бир да саясий партиянын пайдасына жасабаса, анда «Баарына каршы» позициядагы чарчыга белги коёт. 

Байкоочулар добуш берүүчү кабиналарда чүчү кулак менен аныкталган кезекте  бардык талапкерлер, саясий партиялар  тууралуу маалыматтык материалдар; ар бир талапкердин катар номери көрсөтүлгөн ар бир партиянын талапкерлеринин тизмеси жайгаштырылгандыгын көрүштү. 

Ошондой эле шайлоочуларга таратылуучу талапкер тууралуу бардык маалымат «ТАЛАПКЕР» порталында, шайлоо участкаларындагы плакаттарда, облусттук гезиттерде да жайгаштырылат. 

Симуляциянын жүрүшүндө добуштарды саноо кандай жүрөрү кененирээк айтылды. Добуш берүү аяктагандан кийин, УШК мүчөлөрүнүн колдорунда калган колдонулбаган бюллетендер сейфте калган колдонулбаган бюллтендер сыяктуу эле жок кылынышы керек.  

Жок кылынган бардык бюллетендер саналып, сейф-баштыкчага салынат, ичиндеги бюллетендердин саны көрсөтүлүп, ага комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлуп, мөөрү басылат. Жок кылынган бардык бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорго киргизилет.   

Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны кошумча чектерди саноо менен да текшерилет. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны тууралуу акт түзүлөт.  Төраганын колу коюлган жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган актынын көчүрмөсүн катышкан талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, байкоочуларга таратылып берилет, андан соӊ маалымат чоӊойтулган формадагы протоколго киргизилет. 

Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз (колго) саноо алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт, бул тууралуу өзүнчө акты түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго тиркелет жана бардык катышкандардын алдында жарыяланат. Автоматтык эсептөөчү урнанын мөөр басылган отчеттору, өздүгүн аныктоо боюнча биринчи жана жыйынтыктоочу мөөр басылган отчеттор добуш берүүчү жайдагы бардык талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.   

Округдук шайлоо комиссиясы УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протколдордун биринчи экземплярларын башка шайлоо документациясы менен кошо кабыл алат жана тийиштүү аймакта андагы маалыматтарды кошуу аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. 

Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшерилгенден кийин округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын чогултуп, бир мандаттуу округ жана бирдиктүү округ боюнча тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.  

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>