КР БШК добуш берүү күнүнүн симуляциясын жүргүздү
19 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Новопокровка айылында добуш берүү күнүнүн симуляциясын уюштурду.
Иш-чара өзүндө шайлоо процессинин толук циклин камтыды, бул 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө программалардын жана жабдуулардын даярдыгын тестирлөөгө мүмкүндүк берди. Иш-чаранын башында добуш берүү күнү сантирадык чендер (дене табын текшерүү, колду санитайзер менен чайкоо, ар бир шайлоочуга коргочу маска берүү) кантип сакталаары көрсөтүлдү.
Ошондой эле ММК майыптыгы бар шайлоочуларга участокко келүүсүн камсыздоо (чакыруу үчүн кнопка, пандустар, шайлоо участкаларында маалыматтык стенддер коляскада отурган же өз алдынча кыймылдап жүрүүдө кыйынчылык туудурган шайлоочулар үчүн жеткиликтүү боло тургандай кылып жайгаштырылышы керек. Бардык УШКларда чоӊойтуучу айнектер (лупа) жана/же Брайль трафарети) үчүн КР БШК тарабынан кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын көрсөттү.
Симуляция үчүн тандалып алынган участоктун мисалында шайлоочуларды маалымдоо кантип камсыздала тургандыгы көрсөтүлдү (аталган облуста бир мандаттуу округ боюнча көрсөтүлүп жаткан талапкер тууралуу гезиттерди таркатуу, маалымдоо плакаттарын жайгаштыруу, маалымат роликтерин көрсөтүү ж.б.).
“БШК шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча АЭУ үчүн жаӊы программаны иштеп чыкты, ошондой эле борбордук серверге бардык участоктордун маалыматтарын чогултуу программасын жана маалыматтарды чагылдыруу программасын иштеп чыгуу да аяктады. Биз бүгүн аталган программаны тестирлеп жатканбыз.
Добуш берүү күнүнө 10 күн калды, андыктан бүткүл республика боюнча участкалардан борбордук серверге сигналдардын келип түшүүсүн тестирлөө башталды. Тестирлөө бардыгы болуп 10 күн, б.а. добуш берүү күнүнө чейин жүргүзүлөт.
БШК ошондой эле Кара-Суу шаарында да добуш берүү симуляциясын өткөрөт, ага катарлаш эле, шайлоо процессинин алкагында бардык техникалык каражаттарды колдонуунун киберкоопсуздугун камсыздоо программасы да тестирлөөдөн өткөрүлөт. Кабыл алынган чаралар менен добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөгө жана сигналдын берилишинин коопсуздугу программасын, маалыматтардын жыйындысынын үзгүлтүксүз иштешин жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого болот деп ишенебиз”, - деп, КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова маалымат берди.
Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочуларына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо процессинин этаптары – шайлоо участоктору ачылганга чейинки жол-жоболор, добуш берүүнү уюштуруу, шайлоо участокторунун жабылышы жана шайлоочулардын доубштарын саноо көрсөтүлдү.
Биринчи этапта шайлоо участоктору ачылганга чейинки даярдыктар камтылган. УШК төрагасы чүчү кулак өткөрүп, ага ылайык добуш берүү күнү оператордун ишин көзөмөлгө ала турган жана алар менен бирге шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандардын өздүгүн биргелешип аныктай турган; шайлоочулардын кагаз түрүндөгү тизмесинде жарандарды каттоого алууну ишке ашыра турган; шайлоо бюллетендерин бере турган; шайлоочулардын жашыруун добуш берүүсү үчүн кабинага кирүүсүнө, добуш берүүчү үкөктөргө шайлоо бюллетендерин салуусун көзөмөлгө ала турган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аныкталды.
Мындан соӊ аталган участоктогу шайлоочулардын тизмеси, шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча документтер жана шайлоочулардын электрондук тизмеси түшүрүлгөн жабдуу салынган УШКнын мөөрү басылып чапталган сейфи ачылды. УШК төрагасы аталган участок боюнча шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын санын жарыялады.
Байкоочулар өз көзү менен көрүп, кагаз түрүндөгү жана электрондук тизмени салыштыра алышты.
Бардык карап тургандарга добуш берүү үчүн бош үкөктөр (АЭУ) көрсөтүлдү, алар КР БШК мөөрү басылып пломбаланган. Ошондой эле текшерүүчү барактар да даярдалды, мында участоктун номери, бюллетень салган убактысы, УШК мүчөлөрүнүн аты-жөнү, катышкан талапкерлер, талапкерлердин жана партиялардын өкүлдөрү көрсөтүлгөн. Аталган адамдар текшерүүчү барактарга кол коюп, барактар УШК мөөрү менен тастыкталып, АЭУга салынат.
Андан ары УШК төрагасы округдук шайлоо комиссиясынан алынган бюллетендердин санын жана жайдан тышкары добуш берүү үчүн алардын канчасы берилгенин жарыялады. Бюллетендер саналып, жарыяланды, байкоочулар аларды өз көзү менен көрө алышты. Бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго жана анын чоӊойтулган формасына киргизилди, ведомость боюнча ар бир УШК мүчөсүнө 100 даанадан берилди.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочуларга 2ден шайлоо бюллетени берилди. Бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинде:
- талапкерге тиешелүү чарчыга;
- же «Баарына каршы» позицияга белги коет.
Бирдиктүү округ боюнча депутаттарды шайлоодо шайлоочу:
- шайлоо бюллетенинин бир бөлүгүндө саясий партияга тиешелүү бир чарчысына;
- шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө талапкердин катар номерине тиешелүү бир чарчыга;
- эгер өз тандоосун бир да саясий партиянын пайдасына жасабаса, анда «Баарына каршы» позициядагы чарчыга белги коёт.
Байкоочулар добуш берүүчү кабиналарда чүчү кулак менен аныкталган кезекте бардык талапкерлер, саясий партиялар тууралуу маалыматтык материалдар; ар бир талапкердин катар номери көрсөтүлгөн ар бир партиянын талапкерлеринин тизмеси жайгаштырылгандыгын көрүштү.
Ошондой эле шайлоочуларга таратылуучу талапкер тууралуу бардык маалымат «ТАЛАПКЕР» порталында, шайлоо участкаларындагы плакаттарда, облусттук гезиттерде да жайгаштырылат.
Симуляциянын жүрүшүндө добуштарды саноо кандай жүрөрү кененирээк айтылды. Добуш берүү аяктагандан кийин, УШК мүчөлөрүнүн колдорунда калган колдонулбаган бюллетендер сейфте калган колдонулбаган бюллтендер сыяктуу эле жок кылынышы керек.
Жок кылынган бардык бюллетендер саналып, сейф-баштыкчага салынат, ичиндеги бюллетендердин саны көрсөтүлүп, ага комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлуп, мөөрү басылат. Жок кылынган бардык бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорго киргизилет.
Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны кошумча чектерди саноо менен да текшерилет. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны тууралуу акт түзүлөт. Төраганын колу коюлган жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган актынын көчүрмөсүн катышкан талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, байкоочуларга таратылып берилет, андан соӊ маалымат чоӊойтулган формадагы протоколго киргизилет.
Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз (колго) саноо алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт, бул тууралуу өзүнчө акты түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго тиркелет жана бардык катышкандардын алдында жарыяланат. Автоматтык эсептөөчү урнанын мөөр басылган отчеттору, өздүгүн аныктоо боюнча биринчи жана жыйынтыктоочу мөөр басылган отчеттор добуш берүүчү жайдагы бардык талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.
Округдук шайлоо комиссиясы УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протколдордун биринчи экземплярларын башка шайлоо документациясы менен кошо кабыл алат жана тийиштүү аймакта андагы маалыматтарды кошуу аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшерилгенден кийин округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын чогултуп, бир мандаттуу округ жана бирдиктүү округ боюнча тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү