Башкы Жаңылыктар Бишкек шаарында коомдук байкоочуларга добуш берүү жана добуштарды …

Бишкек шаарында коомдук байкоочуларга добуш берүү жана добуштарды эсептөө жол-жоболору түшүндүрүлдү

17-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Бишкек шаарында коомдук байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду.

Катышуучуларга байкоочу катары каттоонун жол-жобосу, ​​байкоочу статусу тууралуу айтылды. Талапкер, саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алгандыгы тууралуу айтылды, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.

Байкоочу катары катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана аны бир мандаттуу шайлоо округу боюнча дайындаган талапкердин колу коюлган жолдомосун көрсөтүү зарыл же же партиянын мөөрү басылган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиядан жолдомо. Жолдомодо байкоочунун 1) фамилиясы, аты жана атасынын аты, 2) туруктуу жашаган жери, 3) ал жиберилген участкалардын номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле чектөөлөрдүн жок экени жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

Байкоочуларга добуш берүү башталганга чейин УШКнын төрагасы катышып жаткандардын бардыгына УШКнын мөөрү басылган бош урналарды көрсөтүүсү керектиги айтылды. Ошондой эле добуш берүү башталганга чейин көзөмөлдөө барактары түзүлөт, анда шайлоо участкасынын номери, салуу убактысы, УШКнын мүчөлөрүнүн, катышкан талапкерлердин, талапкерлердин, партиялардын өкүлдөрүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт. Белгиленген адамдар өзөмөлдөө барактарына кол коюшат жана барактар ​​УШКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Текшерүү барактар ​​АЭУга салынат.

Шайлоо күнү ар бир шайлоочуга 2 бюллетень берилери айтылды:

► бирөөндө - саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак кармоо менен аныкталган тартипте көрсөтүлгөн бирдиктүү шайлоо округу үчүн жана аянттын сырткы сол тарабында номерленген 54 бош чарчы бар. Бош чарчынын номери талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин катар номерине туура келет;

► экинчисинде - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, чүчүкулак аркылуу аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы көрсөтүлөт.

Добуш берүү күнү добуш берүүчү кабиналарда төмөндөгүлөр боло турат:

  • чүчүкулак аркылуу аныкталган кезекте бардык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдарды;
  • ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен ар бир партия боюнча талапкерлердин тизмелери;
  • талапкерлер тууралуу бардык маалыматтар «ТАЛАПКЕР» порталында жана шайлоо участкаларындагы плакаттарда илинет.

Талапкер саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинен маалыматтык материалдардын формасы жана тексти бекитилгенден кийин чыккан учурда, талапкер жөнүндө маалыматтар маалыматтык материалдардан толук чийилет, анын ичинде талапкерлердин тизмесиндеги катар номери дагы.

Тыюу салынат:

  • Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга;
  • Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга добуш берүү үчүн үкөктү далдалоого же ага байкоо жүргүзүүгө башка ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат;
  • добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат.
  • Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

Ошондой эле добуштарды эсептөөнүн жол-жобосун кеңири түшүндүрүштү. БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча ар бир саясий партия жана талапкерлердин тизмесиндеги ар бир талапкер боюнча берилген добуштарды эсептейт.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер (добуштардын көпчүлүгүн алган) Жогорку Кеңештин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаты болуп саналат. Талапкерлер алган добуштардын саны бирдей болгон учурда, кимиси датасы жана убактысы боюнча каттоо үчүн документтердин толук пакетин мөөнөтүнөн мурда тапшырса, ошол талапкер шайланды деп эсептелет.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>