Башкы Жаңылыктар БШКда талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугунун …

БШКда талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугунун автоматташтырылган тутуму иштей баштады

15-Ноя, 2021

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу (ККТ) шайлоо процессинин каржылык айкындуулугу боюнча чаралар Планынын алкагында талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугунун автоматташтырылган тутуму – “Финансылык ачык-айкындуулук” (ФА АМТ) иштелип чыгып, пайдаланууга киргизилгендигин билдирет.

Мыйзам ченемдерине ылайык талапкерлердин жана саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүп, банк мекемелеринин атайын эсептерине эсепке киргизилет:

- талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;

- атын атабай (анонимдүү) кайрымдуулук берүүнү кошпогондо, жарандардын жана укуктук жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (берүү) үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, укуктук жактардын ортосундагы эсептешүүлөр келишимдик негизде накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.

БШК тарабынан киргизилген шайлоо процессинин каржылык айкындуулугунун стандартынын маңызы “Финансылык ачык-айкындуулук” (ФА АМТ)  автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдалышы тууралуу так, толук маалыматтарды төмөнкү форматта БШКнын сайтына чыгарып, көрсөтүү болуп саналат:

- атайын эсепке качан, кимден, канча акча каражаты түштү;

 - кайсы товар, кызмат көрсөткөндүк үчүн качан, кимге жана канча сарпталды.

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматтар БШКнын сайтындагы «Талапкер /Шайлоо фонду» бетте автоматтык түрдө көрсөтүлүп турат.

Маалымат жеке маалыматтар жана банк сыры тууралуу мыйзамдардын талаптары эске алынуу менен жарыяланат (б.а. каражаттарды төгүүчүнүн маалыматтарды ачык жарыялоого макулдугу менен) жарыяланат.

БШКны көзөмөлдөө-текшерүү тобу (ККТ) өз ыйгарым укуктарынын алкагында банк мекемелеринен алынган маалыматтарды контролдойт жана талдоого алат.

Төмөнкүлөр ККТ контролунун предмети болуп саналат:

- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарын төгүүчү субъектилер (уруксат берилген жана тыюу салынган);

- ар бир субъектиден каражат түшүү жана сарптоо суммаларынын чектери (себеби ар бир объект боюнча уруксат берилген субъектилердин так чектери бар);

- каржы операцияларын жүргүзүү мөөнөттөрү.

Төлөмдөрдүн коддору болгондугуна, төлөмдөрдүн эмнеге багытталганын баяндоого, иденттелбеген субъектилерден атын атабай (анонимдүү) кайрымдуулук берүүнү жокко чыгарууга баардык транзакциялар текшерилүүгө тийиш.

 БШК ФА АМТнын мүмкүнчүлүктөрү акча каражаттарын жөнөткөн жана алган ар бир жакты иденттөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

КТТ жүргүзгөн талдоонун натыйжасында бүгүнкүгө карата төмөнкүлөр боюнча бузуулар катталды: талапкерлердин өз каражаттары катары кайрымдуулук берүүлөрүнөн жана жеке, укуктук жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн түшүүлөрдүн чектен ашып кетүүсү, “төлөмдүн багыты” талаасын толук толтурдоо,  ГКПО төлөмүн кодунун жоктугу боюнча бузуулар ж.б.

Бул мүчүлүштүктөрдү четтетүү үчүн талапкерлер жана саясий партиялар менен шайлоо фонддорун түзүү жана акча каражаттарынын сарптоо эрежелери, жеке, укуктук жактар менен келишимдик негизде эсептешүүлөр, төлөм тапшырууларын толтуруу эрежелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, төлөм коддорун колдонуу боюнча кеңеш берилүүдө.

 

КР БШКны көзөмөлдөө-текшерүү тобу

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>