Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы 167 …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы 167 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

13-Ноя, 2021

2021-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Финляндиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, резиденциясы Нур-Султандагы Нидерландиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, резиденциясы Ташкентте жайгашкан Индонезия Республикасынын кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Монголия мамлекетинин элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык мамилелердин Улуттук Демократиялык Институтунун өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасындагы эл аралык кызматтыштык боюнча Корея агенттигинин өкүлчүлүгүнүн, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Казактан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана КМШ Миссиясынын өкүлдөрүн КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү.

2021-жылдын 13-ноябрына карата 41 мамлекеттен 276 эл аралык байкоочу аккредиттелген, алар булардан көрсөтүлгөн:

 

Шайлоо органдары:

- 11

 

Эл аралык уюмдар:

- 7

 

Дипломатиялык өкүлчүлүктөр:

-17

№

Чет өлкөлөрдүн шайлоо органдары

 

Саны

  1.  

Украина

2

  1.  

Молдова

4

  1.  

Түркия

2

  1.  

Беларусь

2

  1.  

Грузия

6

  1.  

Азербайжан

2

  1.  

Румыния

1

  1.  

Латвия

2

  1.  

Россия

2

  1.  

Литва

2

  1.  

Казакстан

2

 

Бардыгы:

27

Эл аралык уюмдар

  1.  

Ханнс Зайдель фондунун КР өкүлчүлүгү

1

  1.  

ЕККУ/ДИАУБ Миссиясы

40

  1.  

КМШ Миссиясы

71

  1.  

КМШ ПАА

74

  1.  

К.Аденауэр атындагы фонд

1

  1.  

Улуттук демократиялык институт

2

  1.  

Эл аралык кызматтыштыктын Корея агенттиги

1

 

Бардыгы:

190

 

Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр

  1.  

Түркия элчилиги

3

  1.  

Россия элчилиги

2

  1.  

Япониянын элчилиги

6

  1.  

Австралиянын элчилиги

1

  1.  

Финляндиянын элчилиги

1

  1.  

Нидерландынын элчилиги

2

  1.  

Индонезиянын элчилиги

1

  1.  

Монголиянын элчилиги

1

  1.  

Кореянын элчилиги

4

  1.  

Швейцариянын элчилиги

1

  1.  

Венгриянын элчилиги

1

  1.  

АКШ элчилиги

20

  1.  

Азербайжандын элчилиги

2

  1.  

Улуу Британиянын элчилиги

6

  1.  

Германиянын элчилиги

3

  1.  

Өзбекстан Республикасынын элчилиги

1

  1.  

ЕС өкүлчүлүгүнүн элчилиги

4

 

Бардыгы:

59

 

 

№

Жарандыгы боюнча алганда

Саны

  1.  

Австрия

3

  1.  

Австралия

1

  1.  

Азербайжан

10

  1.  

Албания

1

  1.  

Армения

3

  1.  

Афганистан

1

  1.  

Бельгия

1

  1.  

Беларусь

12

  1.  

Болгария

1

  1.  

Босния жана Герцеговина

1

  1.  

Венгрия

1

  1.  

Улуу Британия

11

  1.  

Грузия

7

  1.  

Дания

2

  1.  

Индонезия

1

  1.  

Италия

3

  1.  

Казакстан

9

  1.  

Корея

6

  1.  

КЭР

1

  1.  

Латвия

4

  1.  

Литва

3

  1.  

Монголия

1

  1.  

Молдова

5

  1.  

Нидерланды

2

  1.  

Норвегия

2

  1.  

Польша

1

  1.  

Россия

83

  1.  

Румыния

1

  1.  

Словения

1

  1.  

АКШ

23

  1.  

Тажикистан

5

  1.  

Түркия

5

  1.  

Украина

2

  1.  

Өзбекистан

38

  1.  

Финляндия

3

  1.  

Франция

2

  1.  

ФРГ

8

  1.  

Чехия

2

  1.  

Швейцария

3

  1.  

Эстония

1

  1.  

Япония

6

 

Бардыгы:

276

 

КР БШК Маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
17-Ноя, 2026

КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташтык «Жаштардын тандоосу - келечек биздин колубузда» аттуу билим берүү демилгесин ишке ашырууга багытталган.Программа студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган. Ал 2026-жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп, борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студентти камтыйт.Катышуучуларды шайлоо мыйзамдары, шайлоо укуктары жана добуш берүү жол-жоболору боюнча лекциялар, семинарлар жана практикалык сабактар, ошондой эле медиасабаттуулук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча тренингдер күтөт. Программанын жыйынтыгында университеттер аралык сынак өткөрүлүп, анда студенттерден түзүлгөн сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.Бул жаштар демилгесинин автору жана демилгечиси - Rise Up Kyrgyzstan тобу. Анын өкүлдөрү демилгенин концепциясын иштеп чыгып, иш-чаралардын календардык планын даярдап, кызматташуу сунушу менен КР БШКга кайрылышкан.Меморандумга БШКнын алдындагы ЖБШТБнын директору Анара Бейшембаева жана Rise Up Kyrgyzstan тобунун жетекчиси Нурмира Мурзакматова кол коюшту.«Жаштардын шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө болгон умтулуусун кубаттайбыз. Бул демилгенин өзгөчөлүгү - аны жаштардын өздөрү иштеп чыгышкан. Борбор зарыл болгон эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр», - деп белгиледи А. Бейшембаева.«Жаштар ишенимдүү маалымат алып, өздөрүнүн жарандык укуктары менен милдеттерин билип, коомдук турмушка аң-сезимдүү катышуусу биз үчүн маанилүү. Биздин демилгебиз колдоо тапканына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Н. Мурзакматова.2026-жылдын ноябрь айында Rise Up Kyrgyzstan тобу аталган демилгени Берлин шаарында өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму демилгеге кызыгуу билдирип, аны эл аралык аудиторияга чыгарууга сунуштаган.Тараптардын кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуулук, өз ара урматтоо, ачыктык жана саясий бейтараптуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Демилге билим берүү мүнөзүнө ээ.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>