БШКда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жаштардын дебаты өттү

10 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы USAIDдин колдоосу алдында Кыргыз Республикасына караштуу Башкаруу академиясы жана Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) КРдеги өкүлчүлүгү менен биргеликте “Шайлоо укугун өркүндөтүү” деген темада жаштардын дебатын өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз-Россия Славян университетинин, Кыргыз Республикасына караштуу Башкаруу академиясынын, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, КУУнун юридикалык колледжинин студенттери катышты.

Дебаттын алкагында катышуучуларга проблема таап, аны чечүү жолдору сунушталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жюриге мүчө болушту.

Кыргыз Республикасына караштуу Башкаруу академиясынын төмөнкү курамдагы студенттери биринчи орунду ээледи:

Гапаров Кутман,

Кенженова Лилия,

Майрамбек уулу Уран.

Экинчи орунда – Кыргыз-Россия Славян университети:

Мамбеткалиев Бекназар,

Самаганов Нурбол,

Самарбекова Махабат.

Үчүнчү орунду КУУнун юридикалык колледжинин командасы ээледи:

Аскаров Эмир,

Шаманов Адилет,

Железников Алексей.

Биринчи орунду ээлеген команда КР БШКнын кубогун жана төш белгилерин алды. Жеңүүчүлөргө ошондой эле төмөнкү байгелер тапшырылды: биринчи орун үчүн – пауэрбэнктер, экинчиге – микроколонкалар, үчүнчүгө – ноутбук үчүн муздатуучу койгучтар. Жеңген баардык командалар толстовка жана кепка алышты.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү