Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Кыргызстан калкын Орозо айт майрамы менен куттуктоосу:
07 августа 2013
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Орозо кармаган бардык мусулмандардын орозосу кабыл болсун. Ушул мезгилдин аралыгында тилеген аруу тилегиңиздер, ойлогон асыл максатыңыздар ишке ашсын!
Куттуу Кыргызстаныбызды Улуу Жараткан өзү колдосун! Кыргыз мамлекетинин өсүп өнүгүүсү, социалдык маселелердин чечилиши, берекелүү турмуш, тынчтык менен биримдиктин бекемделиши сыяктуу жакшылыктын жышаанынын башаты болсун. Учурда жалпы Кыргызстан калкы келечектеги чоң ийгиликтерге жетүү үчүн экономиканын бекем пайдубалын түзүп жатат. Сиздерге тынчтык, бейкутчулук, үй бүлөңүздөргө саламаттык, бакыт -таалай каалайм. Теңир өзү колдоп, бардык инсандарга ыйман берсин! Үй-бүлөдө ден-соолук, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!
Айтыңыздар маарек болсун, ардактуу замандаштар!
