Башкы Жаңылыктар Шайлоо дайындалган күндөн тартып БШКга бузуулар боюнча 34 …

Шайлоо дайындалган күндөн тартып БШКга бузуулар боюнча 34 кайрылуу келип түштү

05-Ноя, 2021

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган бузууларга карата ыкчам чара көрүү максатында 36 шайлоо округунун ар биринде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн, укук коргоо органдарынан ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧЧКТ) түзүлгөн. Чара көрүүнү иликтөө борбору КР БШКда түзүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкерлерге жана саясий партияларга карата шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалыматтар, кайрылуулар Борбордук комиссия тарабынан, ал эми шайлоо процессинин калган субъектилери боюнча – аймактык округдук шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.  

Өтүлгөн жыйындардын жыйынтыгы боюнча, бардык ЫЧЧКТларга бузууларга ыкчам чара көрүү (үч күндүк мөөнөттө), бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен тыгыз координацияда болуу тапшырмасы берилди.   

Борбордук шайлоо комиссиясы 600дөн ашуун ички иштер, прокуратура жана УКМК  кызматкерлерин шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүнө, конституциялык-укуктук өзгөчөлүктөргө, шайлоонун жүрүшүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоодо мыйзамдын сакталуусуна көзөмөл жүргүзүүгө окутту. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо дайындалган күндөн тартып, башкача айтканда, 2021-жылдын 29-августунан 4-ноябрына чейин  шайлоо процессинин бузулушу боюнча 34 кайрылуу келип түшкөн. 

Алардын ичинен:

  • БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна – 17:
  • Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча БШК Жумушчу тобуна – 13
  • БШК Маалымдоо жана үгүттөө маселелери боюнча жумушчу тобуна – 4. 

 

Мүнөзүнө карата кайрылуулар төмөнкүчө бөлүнөт:

  1. шайлоочулардын добуштарынын сатып алынышы тууралуу – 17
  2. административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланылышы тууралуу - 2
  3. шайлоо алдындагы үгүттөө шарттарынын бузулушу тууралуу – 4
  4. участкалык шайлоо комиссиясына даттануу – 1
  5. шайлоо фондун каржылоо тартибинин бузулушу  - 4
  6. атайын жалган документтердин колдонулгандыгы тууралуу – 2
  7. талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу - 2
  8. талапкерлердин тизмесинин к/н көрсөтүү тартибин бузуу тууралуу – 1
  9. талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүү тууралуу тергөө органдарынын өтүнүчү – 1.

 

Аймактык алкактан караганда, кайрылуулар төмөнкүчө бөлүнөт: 

  1. Аймактар:
  1. Бишкек – 13
  2. Чүй облусу – 7
  3. Ош облусу – 8
  4. Жалал-Абад облусу - 2
  5. Нарын облусу – 2
  6. Баткен  облусу – 1
  7. Ысык-Көл облусу – 1

 

Укук коргоо органдары (ЫЧЧКТ) тарабынан 7 кайрылуу Маалыматты каттоо журналында (МКЖ) катталган. Алардын ичинен 5 – номенклатуралык иш, 1 иш боюнча териштирүү жүрүп жатат, 1 иш ОШКга карап чыгууга берилди.   

 

10 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде (КЖБР) катталган, алардын ичинен 4 иш боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, 6 кайрылуу боюнча кылмыш тутумунун жоктугуна байланыштуу териштирүү токтолуган, дагы экөө ИИМдин кароосунда. 

 

Борбордук жана округдук шайлоо комиссиялары тарабынан төмөнкүдөй чаралар кабыл алынды:   

  • Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузуулар үчүн 5 жазуу түрүндөгү эскертүү берилди: 
  • О.Нурбек уулуна, №32 Кочкор округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер; 
  • Н.Талиповго, №3 Кадамжай округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер;
  • Ш.Ташиевге, №14 Жалал-Абад округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер;
  • Б.Бегалиевге, №25 Аламүдүн округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер
  • Б.Бекешевго, №28 Октябрь округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер. 
  1. 1 айып пул салынды:
  • И.А.Чотобаевге - 7 500 сом өлчөмүндө шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн.  
  1. Тийиштүү органдарга жөнөтүү чечими кабыл алынды:   
  • К. Тайчабаровго карата  шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн  мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн КР Президентинин администрациясына материалдарды жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. 

Шайлоо мыйзамдарынын бузуу фактылары тууралуу маалымдоо үчүн шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн ЫЧЧКТ байланыш каналдары:

- кыска номер - 1255;

- WhatsApp номери:  0990 02- 12- 55; 0 755 00 2965;

- ишеним телефону - 0312 62-62-46;

- коомдук кабылдама: 0312 66-02-40;

- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>