Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Сотко кассациялык даттанууну кайталап берди

КР БШК Жогорку Сотко кассациялык даттанууну кайталап берди

02-Ноя, 2021

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 2-ноябрда талапкер Т. Мамытовду “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесине калыбына келтирүү боюнча Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык даттанууну кошумча өтүнмө менен кайталап берди.

28-октябрда Бишкек шаардык Административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы чечиминин №7 талапкер Т. Мамытовду каттоодон баш тартуу жана “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 29-октябрда Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык даттануу берген.

Жогорку Сот 1-ноябрда кассациялык даттанууну кароо боюнча сот процессинин датасын жана убактысын 2-ноябрга саат 15:00гө дайындаган.

2021-жылы 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кассациялык даттанууну кайтарып берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 1-ноябрдагы аныктамасын алды.

Жогорку Соттун аныктамасында белгиленген боюнча кассациялык даттануу Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним катынын негизинде кол коюлган. Мында сот коллегиясы КР АПКнын 64-беренесинин 2-бөлүгүн бузуу менен кассациялык даттанууга талаптагыдай күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелген деп көрсөткөн, коллегиянын пикири боюнча, ушуга байланыштуу, анын аныктыгын белгилөө жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү кат жүзүндөгү далил катары кабыл алуу мүмкүн эмес.

Көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу сот коллегиясы КР АПКнын 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна шилтеме берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусун кайтарып берүүнү аныктаган.

2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы соттун көрсөтүлгөн аныктамасы менен таанышып чыгып, кассациялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жана кароо жөнүндө өтүнмөнү тиркөө менен бул маселе боюнча кассациялык даттанууну кайталап берди, анда Жогорку Соттон бир катар жагдайларга көңүл бурууну өтүндү.

Кассациялык даттанууну кайтарып берүүнү негиздеп, сот коллегиясы шилтеме берип жаткан КР АПКнын 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эгерде даттануу ушул КР АПКнын 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе, кассациялык даттануу кассациялык инстанциядагы сот тарабынан, даттанууну берген адамга кайтарып берилери белгиленген.

Биринчи инстанциядагы сот – Бишкек шаардык Административдик соту аркылуу кассациялык даттанууну берүүдө кассациялык даттанууну берген Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан КР АПКнын 249-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдери сакталган.

Атап айтканда, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-февралында берген, мамлекеттик органдын расмий фирмалык бланкында аткарылган, жетекчи – Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон, ошондой эле аталган комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелген.

Көрсөтүлгөн 2021-жылдын 12-февралындагы талаптагыдай таризделген ишеним катта белгиленгендей, М.М. Кутбердиевага баардык сот инстанцияларында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү болууга, анын ичинде сот актыларын даттануу укугу менен, ыйгарым укук берилген.

Көрсөтүлгөн өкүл 2021-жылдын 29-октябрындагы кассациялык даттануу бергендегидей Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү катары ишеним кат боюнча бир нече ирет биринчи инстанциядагы соттун чечимдерине кассациялык даттанууну ишеним каттын көчүрмөсүн тиркеп бергенин, ал ишеним кат Жогорку Сотту эч качан күмөн санатпагандыгын белгилей кетүү керек.

Ал тургай, көрсөтүлгөн административдик иштин материалдарына биринчи инстанциядагы сот тарабынан күбөлөндүрүлгөн 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын көчүрмөсү тиркелген.

Кассациялык даттануу КР АПКнын 201-беренесинде аныкталган мөөнөттү сактоо менен 2021-жылы 29-октябрда берилгендигин, ошондой эле өкүлгө анык ишеним каттын бар экендигин эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө өтүнмө менен кассациялык даттанууну кайталап берди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>