2013-жылдын 17-, 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаардын мэринин жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары бекитилди

06 августа 2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында 2013-жылдын 17-, 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.Жыйында кабыл алынган токтомдун негизинде:

Эрмек Мамырканов Сокулук районундагы  Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы, Уланбек Бердигулов  Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, Сулайман Жоробеков Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн  башчысы болуп шайланышты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жаңы шайланган жетекчилерине  белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.

           Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы