Башкы Жаңылыктар Бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлер үчүн акысыз …

Бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлер үчүн акысыз обо убактысын бөлүштүрүү: Жалал-Абад облусу

30-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун №13 Сузак, №14 Жалал-Абад, №15 Базар-Коргон, №16 Ноокен, №17 Аксы, №18 Ала-Бука, №19 Токтогул бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлерге Жалал-Абад медиа борборунда акысыз обо убактысын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Анын жыйынтыгы боюнча дебаттарга жана жеке сөз сүйлөөгө катышуу үчүн позициялар төмөндөгүдөй аныкталды:

№13 Сузак шайлоо округу:

  1. Икрамов Тазабек Икрамович
  2. Камбаров Абдиллабек Ракманович
  3. Мамбеткулов Максатбек Назиржанович
  4. Эгембердиев Омурбек Калыбекович
  5. Лилиенталь Юлия Викторовна
  6. Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич
  7. Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович
  8. Джээнбеков Жусупжан Амражанович
  9. Кулматов Эделбек Маматкулович
  10. Шакиров Асан Шакирович
  11. Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич
  12. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович
  13. Максутов Манас Кутчубекович

№14 Жалал-Абад шайлоо округу:

  1. Мамасыдыков Кумарбек Канболотович
  2. Шаимкулов Манас Каныбекович
  3. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич
  4. Салымбаев Чынгыз Жусупович
  5. Жээнбеков Келдибек Эркинбекович
  6. Атабеков Таалайбек Айтышович

№15 Базар-Коргон шайлоо округу:

  1. Арзыкулов Сүйүнбек Абитович
  2. Коңурбаева Айгуль Казыбековна
  3. Бакиев Кубанычбек
  4. Уметалиев Артур Алимжанович
  5. Алтынбеков Айбек

№16 Ноокен шайлоо округу:

  1. Сыдыков Бактыбек Усенович
  2. Матсаков Кадырбек Мусаевич
  3. Арстанбеков Акылбек Советбекович
  4. Насырбеков Бакытбек Насырбекович
  5. Кадыркулов Мурат Калмаматович

№17 Аксы шайлоо округу:

  1. Момунов Акат Акынович
  2. Шайдиев Алмазбек Усупбаевич
  3. Токтобаев Суйунбай Жумаканович
  4. Эргешов Алмазбек Манасбекович
  5. Шакиев Нурланбек Тургунбекович
  6. Чомонов Манас Алишерович

№18 Ала-Бука шайлоо округу:

  1. Туранов Искендер Эрикович
  2. Оморов Чынгыз Ашырбекович
  3. Алымов Адылбек Шарипович
  4. Сулайманкулов Медеркул Ормонович
  5. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич

№19 Токтогул шайлоо округу:

  1. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич
  2. Тотонов Нурбек Темирбекович
  3. Матмусаев Жанышбек Мырзабекович
  4. Байгазиев Беканас Замирбекович
  5. Кармышов Тимурлан Апизканович
  6. Ракаев Акылбек Калышевич
  7. Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович
  8. Дуйшеналиев Болотбек Согушбекович
  9. Алыбаев Айбек Ташибекович
  10. Бекишов Абдыбек Дуйшебекович

Мыйзамга ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү аймактык телерадио уюмдарынын каналдарында жумуш күндөрү отуз мүнөттөн кем эмес болууга тийиш.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>