Башкы Жаңылыктар Бүгүн 26-июлда Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын …

Бүгүн 26-июлда Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт

26-Июл, 2013

Бүгүн Нарын областынын Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо  өткөрүлөт.   Аталган айылдын өкмөт  башчыcы башка ишке которулгандыктан, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин буйругу менен кызматынан бошотулган.

Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Осипа Байкованын, Дайыргазы уулу Нурландын жана Уланбек Бердигуловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айыл кеңешинин депутатттары тарабынан шайланат. 

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
12-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы   2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Адылов Бакытбек Адыловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>