Бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комисиясынын жыйынында республиканын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Анын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ордуна Дамира Масирова Жумгал районундагы Куйручук айылдык кеңешинин депутаты,Үсөн Кадыркулов Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, Айбек Чойбеков Чуй районундагы Кегети айылдык кеңешинин депутаты, Осмонбек Дыйканбаев Сузак районундагы Курманбек айылдык кеңешинин депутаты, Чолпонбек Мейманкулов Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты, Уланбек Абдымомунов Таш Көмүр шаардык кеңешинин депутаты болуп катталышты.
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы