2013-жылдын 12-августунда Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт

24 июля 2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоону 2013-жылдын    12-августуна дайындоожөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июнуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн   башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде  кызматынан бошотулган.

Сузак жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

Жыйында ошондой эле, Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы