Башкы Жаңылыктар БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК …

БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына 13 талапкерди каттоодон баш тартты

23-Окт, 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 22-октябрда өткөн жыйналышында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлиги көрсөтүлгөн 124 талапкер боюнча маселени карады.

Мында  БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 13 талапкерди каттоодон баш тартты:

- Касымов Нурлан Орозалиевич, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Талапкердин пассивдүү шайлоо укугу болбогондугуна байланыштуу каттоодон баш тартылды. ББЖИМдин маалыматына ылайык Н.О.  Касымов каттоо үчүн документтер менен бирге тапшырылган диплом берилген эмес.

- Жээнбаев Осконбай Сатыбаевич, №1 Алай шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамда (КМ) каралган көрсөтүү тартиби сакталбагандыгына байланыштуу каттоодон баш тартылды, шайлоо күрөөсү конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен төгүлгөн.

- Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович, №26 Көк-Жар шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

Тайлаков Арстанбек Кылычбекович, №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

- Токтогулов Ербол Бекинович, №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

- Чокморов Болотбек Сексенбешович, № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

- Турков Мунарбек Максатбекович, № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

- Олжобаев Баатырбек Бактыбекович, № 34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

- Самидинов Кумарбек Манапбаевич, № 13 Сузак шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

- Ажыбеков Бактыгул Ажыбекович, № 20 Манас шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

- Жолдошов Беки Кадырбердиевич, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

-Клипачева Елена Сергеевна, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

-Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Конституциялык  Мыйзамга ылайык талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтерди бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартылды (шайлоо күрөөсү төгүлгөн эмес).

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>