КР БШК: угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочулар үчүн БШКнын CALL-борборунун жаңдоо тили менен WhatsApp видео түз байланышы иштей баштады

19 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жеткиликтүү форматтарда жана майыптыктын ар түрдүү формаларын эске алган технологияларды пайдалануу менен майыптыгы бар шайлоочуларга баардык шайлоо процесстери тууралуу маалымдоо боюнча активдүү өнөктүк жүргүзүүдө жана зарыл болгон атайын чараларды көрүүдө.

Угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочуларды  маалыматтык жактан камсыздоо максатында БШКнын CALL-борбору 0996-550-011255 whatsapp номери боюнча шайлоочулар менен видео байланышты иштете баштады,  угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочулар ал аркылуу кайрылып, өз суроолоруна жаңдоо тили менен жооп алса болот. WhatsApp номери боюнча чалып, шайлоочулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу актуалдуу маалымат алат, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү жөнүндө маалымат алып, өз маалыматтарын тактаса жана башка алса маалыматтарды алса болот.

0996-550-011255 WhatsApp номеринин иш графиги: календарда кара арип менен көрсөтүлгөн күндөрү саат 9.00дөн 13.00гө чейин.

Октябрь

Дүйш

Шейш

Шарш

Бейш

Жума

Ишем

Жекш

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

21

22

23

24

25

26

27

28

29

30

31

 

Ноябрь

Дүйш

Шейш

Шарш

Бейш

Жума

Ишем

Жекш

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

21

22

23

24

25

26

27

28

29

30

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  • Шайлоочу жумушчу эмес күнү WhatsApp номерине кайрылган учурда кийинки күнү жогоруда көрсөтүлгөн убакытта чалууну өтүнөбүз.
  • WhatsApp номери угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочуларга арналган.

Видео көрсөтмө бул жерде

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү