Алтынбек Сулайманов өз арызын чакыртып алды

14 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 13-октябрында өткөн жыйналышында «Альянс» саясий партиясынан №5 Ноокат шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сулайманов Алтынбек Турдуваевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана Сулайманов Алтынбек Турдуваевичтин 2021-жылдын 12-октябрындагы арызынын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-1-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, аны эске алуу жөнүндө чечим кылды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү анык эмес деп таанылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү