КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

13 октября 2021

КР БШК 2021-жылдын 13-октябрындагы жыйналышында Баткен жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Ибраимов Сайитали Маккамбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Токтогул атындагы орто мектептин мугалими Мусаев Ташмуратка өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Рысбаев Мусурманкул Тургунбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Жусупов Акматжан Калыковичке өткөрүп берилди.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты Жумабеков Жалын Самудиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «АЮ» ЖЧКнын кампа башчысы Абдрахманов Алтынбек Аблабековичке өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү